БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясы калаадагы бейтапканалар дем алыш күндөрү дагы штаттык режимде иштей турганын айтып, медиктердин жардамы керек болсо дароо кайрылууга чакырды.
Шаар бийлиги эгер ооруп калсаңыз үйдө өз алдынча дарыланбай, дароо үй-бүлөлүк дарыгерлерден кеңеш алуу керектигин эскертет.
Мэрия борбор калаадагы үй-бүлөлүк медицина борборлорунун (ҮМБ) ишеним телефондорун жарыялады:
Ленин райондук Биргелештирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 0990 888030; 0312 644542;
Октябрь райондук Биргелештирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 0990 888036; 0312 570291;
Биринчи Май райондук Биргелештирилген үй-бүлөлүк медицина борбору —0990888071; 0312 325232;
Свердлов райондук Биргелештирилген үй-бүлөлүк медицина борбору — 0701 103002; 0312 635123;
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градус болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылынын 25 жаштагы тургуну Дастан Кубатбеков 14 күндөн бери дайынсыз болуп, милиция издөө салды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
"Кубатбеков Дастан Замирбекович 16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен. Учурда Дастан Кубатбековдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана облустук милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылган маалыматта.Белгилери: бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, III топтогу майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт (дудук), эки көзү кылый.
Кийген кийимдери: башында боз түстөгү шапка, үстүндө кара өңдөгү жемпир, кызыл жилет, күрөң шым, бутунда жашыл резина өтүк болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Кубатбеков тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранды.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү мунай заттарын Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы чегинен сырткары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат.
Бул боюнча токтом долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Бийлик муну менен Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгын алдын алууга аракет кылууда.
Эгерде токтом долбоору кабыл алынса, ал үч күндөн соң күчүнө кирип калат. Тыюу салуу ЕАЭБдин мунай жана мунай заттары боюнча жалпы рынокторун түзгөнгө чейин уланышы мүмкүн.2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөн. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.