Карапайым эл Марипов менен вице-премьерлерге кайсы күндөрү кире алат. График

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөт премьер-министр Улукбек Марипов. Архив
Өкмөт премьер-министр Улукбек Марипов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Жазылуу
Аткаруу бийлигинин башчылары менен жолугуу үчүн өкмөттүн коомдук кабылдамасы аркылуу жазылып кирүүгө болот.
БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Өкмөт премьер-министр Улукбек Мариповдун жана вице-премьерлердин жарандарды кабыл алуу графигин бекитти.
Аталган буйрукта апрель айынын ортосуна чейинки график аныкталган. Аткаруу бийлигинин башчыларына кирүү үчүн өкмөттүн коомдук кабылдамасына кайрылыш керек. Ал Өкмөт үйүнүн (Абдумомунов көчөсү, 207) батыш тарабында жайгашкан. Маалымат алуу үчүн телефондор: (0312) 62-53-85, 62-50-20.
График:
  • Премьер-министр Улукбек Марипов жарандарды 9, 23-мартта жана 6-апрелде кабыл алат;
  • Биринчи вице-премьер Артем Новиков 3, 17, 31-мартта жана 14-апрелде кабыл алат;
  • Вице-премьер рангындагы экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков 4, 18-мартта жана 1, 15-апрелде маселе менен келгендерди кабыл алат;
  • Кайрылууну каалагандар өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Жеңиш Асанкуловдун 2, 16-марттагы жана 6-апрелдеги кабылдамасына да жазылса болот.
Өкмөттүн жетекчилери жарандарды аталган күндөрү саат 17:00дөн 19:00гө чейин министрлер кабинетинин имаратынын биринчи кабатындагы №24 кабинетте кабыл алат. Документте муктаждык жаралса министрлер да чакырылары айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0