БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бет капты узакка тагынып жүргөндө кариес пайда болуп, бүйлө ооруй баштайт. Бул туурасында "Звезда" телеканалына стоматолог Геннадий Шаргородский билдирген.
"Ооз менен мурундун дайыма жабылып жүрүшү биринчи кезекте дем алууга таасирин тийгизип, адам абаны оозу аркылуу көбүрөөк жута баштайт. Андан улам нымдуулуктун агымы азайып, адамдын ооз көңдөйү кургайт. Бул кариестин өрчүп кетишине жана бүйлөлөрдүн оорушуна алып келет", — деп түшүндүрдү врач.
Дарыгердин айтымында, ал ооздо жагымсыз жытты пайда кылат. Стоматолог бет капты көбүрөөк кийип жүргөндөргө тишин байма-бай жууп, улам чайкап турууну сунуштады. Андан сырткары, ооз кургап кетпеш үчүн сууну арбыныраак ичкен пайдалуу экенин кошумчалаган. Шилекейди иштеп чыгуу үчүн сагыз чайнап жана набат сындуу азыктарды соруп жеп турган да жакшы экени айтылды.
Бет капты узак тагынганда ооздун былжыр чели жабыркап, кээ бир жерлеринде кара тактар пайда болот."Ооздун ичиндеги микробдор сыртка чыкпай калат. Бет кап негизи баарынан сизди эмес, сизден баарын сактайт эмеспи", — деген Шаргородский.
Ал бет капты тагынуу зарыл экендигин, бирок патологиялык микроорганизмдер сыртка чыгып турушу үчүн анда-санда чечип туруу керектигин айтты.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градус болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылынын 25 жаштагы тургуну Дастан Кубатбеков 14 күндөн бери дайынсыз болуп, милиция издөө салды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
"Кубатбеков Дастан Замирбекович 16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен. Учурда Дастан Кубатбековдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана облустук милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылган маалыматта.Белгилери: бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, III топтогу майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт (дудук), эки көзү кылый.
Кийген кийимдери: башында боз түстөгү шапка, үстүндө кара өңдөгү жемпир, кызыл жилет, күрөң шым, бутунда жашыл резина өтүк болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Кубатбеков тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранды.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Беларусь президенти Александр Лукашенконун улуу баласы Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы берилди. Бул тууралуу РИА Новости аталган президенттин маалымат кызматынын сайтына таянып кабарлады.
"Полковниктер Владимир Куприянюк, Роман Подлинев, Николай Карпенков, Дмитрий Шахраев, Андрей Павлюченкого кезектеги генерал-майор наамы, ал эми Виктор Лукашенкого запастагы генерал-майор наамы ыйгарылды", — деп айтылат маалыматта.
Виктор Лукашенко 26-февралда Беларустун Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) президенттигине шайланган.
"Анда Беларусь башчысы бийликти өзүнүн балдарына берүү боюнча маалыматты четке каккан. Тагыраагы, кеп бул жерде улуу баласы туурасында жүргөн. Мамлекет башчысы Виктор Лукашенко УОК жетекчилигине шайлангандан кийин мамлекеттик кызматкер болбой тургандыгын, аны президенттин улуттук коопсуздук боюнча жардамчылыгынан бошотушарын айткан", — деп жазды РИА Новости.Беларусь президенти Лукашенко буга чейин жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мамлекет башчысы болбой турганын жар салды.