БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Мурда айдалган автоунааны сатып алып жатканда кантип текшерип көрсө болот. Бул тууралуу "Прайм" басылмасына Россиядагы Fresh Auto автосалонунун негиздөөчүсү Денис Мигаль айтып берди.
Анын пикиринде, эгер автоунааны жаңы эле чет өлкөдөн алып келишкен болсо, атайын сайттар же тиркемелер аркылуу мурда канча кишинин колунан өткөнү, кандай жол кырсыгына кабылгандыгы тууралуу маалыматтарды тапса болот.
"Бирок ал сайттарда жол кырсыктары боюнча маалымат толук камтылбай калышы мүмкүн. Мисалы, тараптар ошол жерден сүйлөшүп бүтүрүп алса полиция же камсыздандыруучу компания бул тууралуу билбейт да, маалымат тиркемеге киргизилбей калат. Демек, кырсык боюнча "кагаз жүзүндө" маалымат жок. Бирок автокөлүктүн ичи талкаланган болушу толук ыктымал", — деди адис.
Ошондой эле ал автоунааны адистерге күндүз сыртта текшерткен туура экенин айтат. Анткени кечкисин же күңүрт болуп турган имараттардын ичинде каратып жатканда айрым кемчиликтер көрүнбөй калышы ыктымал.
Мындан тышкары, бурамаларга жана тетиктердин сырдалышына көңүл буруу керек.
"Эгер кайсы бир тетик алмашкан болсо, билинбей калышы үчүн мурункусуна окшош сыр менен сырдап коюшу мүмкүн. Бир нерседен шек санасаңыз, ошол жерди сыйпалап көрүңүз. Заводдо сырдалган жер дайыма идеалдуу тегиз болот. Автоунаа оңдоочу жерде эч качан заводдукундай сырдай алышпайт", — деди Мигаль.Дагы бир өтө маанилүү жагдай — мотор, лонжерондор жана "канаттарынын" абалы. Бул үчөөндө дат, жарака же кыйшык жерлери болсо, демек, автоунаанын абалы анча жакшы эмес же катуу урунган болушу толук ыктымал.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градус болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылынын 25 жаштагы тургуну Дастан Кубатбеков 14 күндөн бери дайынсыз болуп, милиция издөө салды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
"Кубатбеков Дастан Замирбекович 16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен. Учурда Дастан Кубатбековдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана облустук милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылган маалыматта.Белгилери: бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, III топтогу майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт (дудук), эки көзү кылый.
Кийген кийимдери: башында боз түстөгү шапка, үстүндө кара өңдөгү жемпир, кызыл жилет, күрөң шым, бутунда жашыл резина өтүк болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Кубатбеков тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранды.