Кан басым текшерип жаткан дарыгер. Архив

Абактагы Райым Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты

455
(жаңыланган 13:12 22.02.2021)
Райым Матраимов 18-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, тергөө абагына киргизилген.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. УКМКнын тергөө абагында кармалып турган Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимовдун кан басымы жогорулап жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков билдирди.

Рысбеков бүгүн Матраимов менен жолугуп, анын ден соолугунан кабар алып келген.

"Матраимов кармоо шартына эч кандай нааразычылыгы жок экенин айтты, болгону кан басымы бир аз жогорулап жатыптыр", — деди Рысбеков.

Эскерте кетсек, Матраимов 18-февралда кармалып, эки күндөн кийин Биринчи май райондук соту эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

455
Белгилер:
кан басымы, тергөө абагы, УКМК, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы (30)
Тема боюнча
Сотто Райым Матраимовдун баш коргоо чарасы каралууда. Сүрөт
Райым Матраимов эки айга камакка алынды
Колл-центрдин оператору иш учурунда. Архив

Ишкерлерге басым болсо чалыңыз. Прокуратуранын аймактык бөлүмдөрүнүн номери

4
(жаңыланган 15:43 05.03.2021)
Эми ишкерлер жеке бизнеске укук коргоо, фискалдык жана көзөмөл органдары негизсиз кийлигишсе түз арыздана алышат.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Башкы көзөмөл органы аймактардагы прокуратура бөлүмдөрүнүн ишеним телефондору иштей баштаганын маалымдады.

Анын максаты жеке бизнеске укук коргоо, фискалдык жана көзөмөл органдары негизсиз кийлигишип, ошондой эле ишкерликке тоскоолдук жаратып жатса түз арыздануу үчүн шарт түзүүгө багыттталганы белгиленет. Ага ишкерлер күнү-түнү чала алышат.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында аймактарда дагы ишеним телефону иштеп баштады. Буга чейин Башкы прокуратуранын дагы  ишеним телефону (0312) 88-90-33, 0500 19-20-54) ачылганын эскертет", — деп айтылат маалыматта.

Аймактык прокуратура органдарынын номери:

  • Баткен облусу — 0777 41-77-45, 0999 04-77-77;
  • Жалал-Абад облусу — 03722 5-54-00, 03722 5-30-29;
  • Нарын облусу — 03522 5-15-64, 0706 01-92-53;
  • Ош облусу — 03222 4-84-04, 0995 01-10-10;
  • Талас облусу — 03422 5-31-83, 0555 088408;
  • Чүй облусу — 0312 60-31-10;
  • Ысык-Көл облусу — 03922 5-12-93;
  • Бишкек шаары — 0312 32-34-15, 0552-20-20-02;
  • Ош шаары — 03222 7-05-18, 0771 45-05-96;
  • Транспорт прокуратурасы — 0312 56-78-99 (кошулуу номери 2209), 0553 21-07-62.
4
Белгилер:
ишеним телефону, колдоо, ишкер, Башкы прокуратура
Тема боюнча
Марипов: бизнесмендер менен күнү-түнү байланышууга даярмын. Сүрөт
Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп берген ишеним номерлерин жарыялады
Ми-8 тик учагы. Архив

Ысык-Көлдө кыйраган 37 млн. сомдук тик учак. Ми-8 кантип кырсыктаган

182
(жаңыланган 15:38 05.03.2021)
Мындан эки жыл мурун Ысык-Көлдө Генералдык штабдын Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы кырсыктап, анда чет элдик туристтер жабыркаган. Кийин окуянын себептерин укук коргоо кызматкерлери, атайын комиссия иликтеген.

Жакында эле сот Ми-8 МТВни башкарган учкучка карата өкүм чыгарды. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы фемида өкүлдөрүнүн чечиминин негизинде окуянын чоо-жайын тактоого аракет кылды.

Туризмде колдонулган аскердик учак

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндөгү аскердик бөлүктөрүнүн биринен борбор калаадагы бир туристтик компания 2018-жылдын 9-июлунда тик учак буюртма кылган. Анын жардамы менен турфирма Ысык-Көл облусунун бийик тоолуу өрөөнүнө чет элдик туристтерди жеткирмек. Ошентип аскер командирлери Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү учакты кароодон, экипажды медициналык текшерүүдөн өткөрүп коммерциялык каттамды аткарууга киришкен. Экипаждын курамында учкуч, бир командир, дарыгер, борттехник болгон. Алар чет мамлекеттен келген эс алуучуларды жүгү менен Түп районундагы Чар-Кудук тоосунан альпинисттердин лагери жайгашкан Түштүк Эңилчек өрөөнүнө алып бармак. Жүргүнчүлөрдүн арасында Япониянын үч, Польшанын төрт, Германиянын эки жараны жана бир котормочу бар болчу.

Тоонун башында калган туристтер

Аскердик тик учак таң эрте саат 7.30дар чамасында жолго чыгып, 40 мүнөт учуп барып, деңиз деңгээлинен 3900 метр бийиктикте жайгашкан узуну жана туурасы беш метр болгон чакан аянтчага конууга аракет кылган. Бирок тең салмактуулугун жоготуп солго ооп, коно турчу жерден 30 метр алыстыкка кулаган. Жыйынтыгында жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү түрдүү жаракат алып, көз жумгандар болгон эмес. Генералдык штабдын карамагындагы учак жараксыз болуп, мамлекеттик казынага 37 миллион 723 миң 939 сом зыян келтирилген. Андан соң ал жактагылар тоонун башында кырсыктаган вертолеттун ичиндегилерди куткарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Ал эми аскер башчылары экинчи бортту жардамга жөнөтүп, жаракат алгандарды Бишкектеги ооруканага жеткирүү тапшырмасын берген. Ошондой эле Казакстандан дагы бир тик учак жардамга келген.

Вертолет воздушной обороны ВС КР потерпевший крушение на Иссык-Куле
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Ысык-Көлдө куткаруу операциясына барган кырсыктаган МИ-8 тик учагы

Тергөө маалында жүргүнчүлөрдүн бири укук коргоо кызматкерлерине төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

"Окуя болгонго чейин жакшы эле учуп барганбыз, аба ырайы дагы жакшы болчу. Биз конгон маалда тик учак күтүүсүздөн эле силкинип, капталга ооп кетип кулады. Ызы-чуу болуп кетти. Учак жарылат экен деп андан чыгуу жолдорун издегем. Арткы сол жагын түрсөм ачылып кетип, баарыбыз ошол жерден шашкалактап чыкканбыз. Мен мамлекеттик органдардын, туристтик фирманын ишине дооматым бар. Анткени алар медициналык жардамды өз учурунда бере алышкан жок, тоого келгендерге тиешелүү шарт түзүлгөн эмес", — деген ал.

Далилдер чогултулуп, күбөлөр, окуяга тиешеси бар офицерлер суракка алынып, иш сотко өткөн.

Авиакырсык эмне себептен келип чыккан?

Курамына техник адистер, учкучтар кирген атайын комиссия окуянын толук чоо-жайын иликтөөгө киришкен. Түзүлгөн топ окуянын келип чыгышына аба ырайынын бузулушу, катуу шамал себеп болгон деп тыянак чыгарган.

Соттук териштирүү маалында аскердик учакты Ak Sai Travel жоопкерчилиги чектелген коому келишимдин негизинде жалдаганы белгилүү болду. Аталган компания пайдаланууга жараксыз болуп калган Ми-8 МТВни өз каражатынын эсебинен калыбына келтире тургандыгы айтылган. Себеби тараптар ортосунда ошол жылы камсыздандыруу боюнча келишим түзүлгөн эле.

Териштирүү учурунда тик учакты башкарган пилот инструкциянын негизинде гана учканын айткан.

"Ал каттам полковниктин буйругу менен ишке ашкан. Ага чейин техникалык учуп-конууну ийгиликтүү аткарып, андан соң гана Чар-Кудуктан Түштүк Эңилчекке жол тартканбыз. Көздөгөн жерибизге жетип, конуп жатканда тик учак сол жакка бир топ эле ооп кеткен. Ошол маалда бизди көздөй бир адам келе жаткандыктан ага винт тийбесин деп солго бурганда оң жактан шамал соккон. Ал ирмемдерде жерге кулай турганыбызга көзүбүз жеткенде ылдамдыкты төмөндөтүп, жерге акырын урунгудай шарт түзгөнгө аракет кылгам. Так ошондо мен башкаруу пультуна ээ боло албай калдым да капчыгайга кирип кеттик. Кулаганда бардык жабдуулар өчтү. Мен инструкциянын негизинде гана аракеттерди жасагам", — деген айыпталуучу.

Сот 35 жаштагы учкучту Жазык кодесинин 379-беренеси ("Учуу эрежелерин бузуу") боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Кийин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына жана Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кабыл алынган мунапыстын негизинде жазадан бошоткон. Ал эми мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтирүүнү жарандык иштер боюнча соттук өндүрүштүн алкагында кароо сунушталган.

Материал Биринчи май райондук сотунун өкүмүнүн негизинде жасалды.

182
Белгилер:
Ысык-Көл, сот, кырсык, тик учак, Кыргызстан
Тема боюнча
39 кишинин өлүмүнө ким күнөөлүү? Дача СУдагы авиакырсыктын анык себеби
Дача СУга кулаган учак. 39 кишинин өмүрүн алган авиакырсыктын айтыла элек сыры
Өлөр алдында учкучтар уруша кетишкен. Дача СУга учактын кулаган себеби