Бишкек асфальт сервис калаадагы капкаксыз калган кудуктардын жапкычтарын кайрадан жаңыртууда

Уурдабагылачы?!. Мэрия шаардыктарга кайрылды

869
(жаңыланган 14:10 22.02.2021)
Мэрия капкактарды уурдап жаткандарды көргөн шаардыктарды токтоосуз 102 кызматына — милицияга чалып, кабарлоону өтүндү.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. "Бишкек асфальт сервис" калаадагы капкаксыз калган кудуктардын жапкычтарын кайрадан жаңыртууда. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Сотрудники МП Бишкекасфальтсервис закрывают все открытый люк в Бишкеке
    "Бишкек асфальт сервис" калаадагы капкаксыз калган кудуктардын жапкычтарын кайрадан жаңыртууда
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники МП Бишкекасфальтсервис закрывают все открытый люк в Бишкеке
    Өткөн аптада суу агып түшө турган 30 темир торчо орнотулган
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Сотрудники МП Бишкекасфальтсервис закрывают все открытый люк в Бишкеке
    Мэрия капкактарды уурдап жаткандарды көргөн шаардыктарды токтоосуз 102 кызматына — милицияга чалып, кабарлоону өтүндү.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 3
© пресс-служба мэрии города Бишкек
"Бишкек асфальт сервис" калаадагы капкаксыз калган кудуктардын жапкычтарын кайрадан жаңыртууда
"Өткөн аптада суу агып түшө турган 30 темир торчо орнотулган. Тилекке каршы, бир топ көчөгө люктар менен торлорду кайталап коюп жатабыз. Урматтуу шаардыктар, кудуктун капкактарын уурдабагылачы. Бул абдан кооптуу", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия капкактарды уурдап жаткандарды көргөн шаардыктарды токтоосуз 102 кызматына — милицияга чалып, кабарлоону өтүндү.

869
Белгилер:
люк, кудук, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Шаардыктар жолдогу аң-чуңкурга түшүп кетпес үчүн өз камын өзү көрүүдө
Мыйзамсыз орнотулган объектилерди көрсөңөр, чалгыла! Мэриянын кайрылуусу
Көк бөрү боюнча мелдеш. Архив

Ноорузга карата Чолпон-Ата, Ош шаарларында ат оюндары өтөт

27
(жаңыланган 15:13 09.03.2021)
Мелдештер аймактарда спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатын көздөйт.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Элдик майрамдын урматына улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

"Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны Спорттун улуттук турлөрү боюнча дирекциясы, өлкөнүн Көк бөрү, Аргымак, Салбуурун, Эр эңиш федерациялары уюштурууда.

Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.

Чолпон-Атада болуучу мелдештердин программасы тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот.

27
Белгилер:
Чолпон-Ата, Ош, Көк бөрү, мелдеш, улуттук ат оюндары, Нооруз
Тема боюнча
Темир билек балбандар. Оор атлетика боюнча өлкө чемпиондору аныкталды
Ноорузда көк бөрү легендаларынын жаркын элесине арналган өлкө чемпионаты өтөт
Биринчи май райондук соту. Архив

Бишкекте митингге тыюу салган чечимге каршы болгондор сотко даттанды

21
(жаңыланган 15:01 09.03.2021)
Митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге каршы болгон активисттер сотко арыз менен кайрылган. Иш эми Бишкек шаардык сотунда каралмакчы.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Демилгелүү топ Бишкектин борборунда митинг жана жүрүштөргө тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.

22-февралда Биринчи май райондук администрациясы "Ала-Тоо" аянтында жана эски аянтта түрдүү акциялардын өтүп жатышы шаардыктарга жана транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын айтып сотко кайрылган.

Биринчи май райондук соту акимчиликтин арызын канааттандырып, шаардын борборунда 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган.

Бул чечимге каршы болгон "8/365" деп аталган демилгелүү топтун өкүлү Евгения Крапивина 5-мартта сотко даттанган. Иш Бишкек шаардык сотуна өткөрүп берилет.

Кечээ шаардын борборунда аялдардын укугун коргоого багытталган тынчтык жүрүшү өтсө, бүгүн жаңы Конституциянын долбооруна каршы болгондор митингге чыкты.

21
Белгилер:
Бишкек, сот, чечим, митинг
Тема боюнча
Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Себеби
Финпол кызматкерлери. Архив

Финполду кандай кылып жоюшат, кызматкерлери кайда барат? Комиссиянын жообу

88
(жаңыланган 15:47 09.03.2021)
Комиссия төрт топко бөлүндү, бүгүн алардын алгачкы отуруму өттү. Финполду жое турган комиссиянын мүчөлөрү кандай иштерин Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) жоюу боюнча иш алып бара турган комиссиянын төрагасы Кылычбек Абышев Sputnik агенттигине комиссиянын кандай тартипте иш алып барарын айтып берди.

Буга чейин өкмөттөн аталган комиссия сөз болуп жаткан кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде түзүлгөндүгүн билдиришкен. Абышев КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары.

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын имараты. Архив
© Фото / пресс-служба ГСБЭП при ПКР
Абышевдин айтымына караганда, комиссияга кирген 35 адам ар кыл мамлекеттик органдардагы эксперттер менен адистер. Анын төрагасынын орун басарлыгына Финполдун жетекчисинин орун басары болуп иштеген Жоомарт Султанов дайындалып, ал жетекчинин милдетин аткарууда.

Абышев бүгүнкү күндө комиссия биринчии отурумун өткөрүп, иштин кандайча тартипте жүрө тургандыгын талкуулап алышканын билдирди. Мындан ары жасала турган иштердин планы туурасында маалымат берилмекчи.

Комиссиянын төрагасы адистердин ишин төрт багытка бөлдү:

  • Биринчи топ Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин мындан аркы тагдырын чечип жана үч айлык маянанын өлчөмүндө кенемте төлөп берүү маселесин карайт;
  • Экинчи топ ыкчам-тергөө тобу болот. Комиссиянын бул топто иштеген мүчөлөрү ачылган кылмыш иштеринин материалдарын андан ары кимге берүү маселесин карайт. Анткен менен Финполдун милдетин аткара турган мамлекеттик орган аныктала элек;
  • Үчүнчү топ Финполдун мүлкүнүн эсебин алып, каттайт. Анын ичинде бухгалтериясын, оргтехникаларын жана имаратын да карашат;
  • Төртүнчү топ уюштуруу жана укуктук маселелер боюнча иш алып барат, тагыраагы, кызматты жоюу иштерин документтештирет.

Абышев мыйзам боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарды мамлекеттик башка органдарга бергенге акысы жоктугун айтты. Ал арада өкмөттүн 5-марттагы токтому менен Экономика жана Финансы министрлигинин алдында Экономикалык кылмыштардын алдын алуу боюнча атайын департамент түзүлгөндүгүн айтып берди.

"Департамент Финполдон штаты, милдеттери, аткара турган иштери боюнча бир топ эле айырмаланат. Ал жакка сынак менен жаңы кызматкерлер алынат. Андан сырткары, Финполдун иштен бошогон кызматкерлери да башкалар сыяктуу эле арызын берсе болот. Аларга артыкчылыктар каралган эмес", — деди ал.

Өкмөттүн токтомунда Финполду жоюу боюнча комиссиянын ишинин мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Анын төрагасы жумуштан бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөп берүү жана башка иштерди эске алганда мыйзам боюнча үч айда бүтүш керектигин, бирок процессти тездетүүгө аракет кылышаарын айтты.

Абышев Сыймык Жапыкеев ээлеген кызматынан аталган кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде бошотулгандыгын кошумчалады.

88
Белгилер:
комиссия, Сыймык Жапыкеев, финансы полициясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Финполду жоюу боюнча комиссиянын курамына киргендер. Тизме