БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. 2020-2021-окуу жылында жогорку окуу жайларда педагогика тармагына суроо-талап баарынан жогору болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Бул көрсөткүчтөр айрым кесиптер жаштар арасында популярдуу болуп бара жатканынан дагы кабар берет. Мисалы, 2016-2017-окуу жылына салыштырмалуу мугалим болгусу келгендердин саны 3,3 эсеге, экономист болгусу келгендердики 2,7 эсеге, медик болгусу келгендердики 2,6 эсеге өскөн. Ошондой эле гуманитардык жана социалдык адистикти тандагандар 1,8 эсеге көбөйгөн.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанга келген туристтерге мергенчилердин уникалдуу таш кордо тамагынан даам татууну сунуштай турганын "Российская газета" басылмасына берген маегинде билдирген.
Мамлекет башчысына "Кыргызстанга келген туристтерге кайсы улуттук сувенирлерди алууга кеңеш берет элеңиз? Кайсы улуттук тамактарды сунуштайсыз?" деген суроо узатылган.
"Кийиз кыргыз эли үчүн өзгөчө мааниге ээ жана көчмөндөрдүн күнүмдүк турмушунда алмаштыргыс материал болгон. Ошондуктан мен туристтерге сувенир катары кийизден жасалган буюмдарды алууну сунуштайт элем. Кийиз жасоо кылымдардан бери муундан-муунга өтүп келе жатат. Андыктан андан жасалган буюмдар тарыхый жана маданий жактан өтө баалуу. Ал эми тамак-аш маселесине токтолсок, эт улуттук тамак-ашта өзгөчө орунду ээлегендиктен, мен кыргыз мергенчилеринин уникалдуу таш кордо тамагынан даам сызып көрүүнү сунуштайт элем. Аны даярдоо үчүн тереңдиги бир метрге жакын атайын чуңкур даярдалып, дубалдарына таштар коюлуп, от жагылат. Отундун чогу калганда жаныбардын эти ысык таштарга төшөлүп, үстүнөн бутактар, териси жана топурак менен жабылат. Мындай тамакты үй шартында даярдоо бир топ түйшүктү жаратат, андыктан ал өзгөчө учурларда гана жасалат", — деди Жапаров.
Ал ошондой эле улуттук ашкана жөнүндө сөз болгондо айтылуу бешбармак жөнүндө сөз кылбай коюу мүмкүн эместигин белгилеп, үйү-бүлөсүнүн дагы абдан жакшы көргөн тамагы экенин кошумчалады.
Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жыйынтыгын биздин материалдан окуңуздар.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өлкөгө кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу кийинки милдеттердин бири. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдиргенин мамлекет башчынын маалымат кызматы жазды.
"Кийинки милдет Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу болуп саналат. Мамлекет аларга жумушка орношууга өз убагында жардам көрсөтүп, өз Мекенине кайтып келгенден кийин жеке бизнесин ачууга, балдарына татыктуу билим берүүгө, алардын келечеги үчүн кам санабай тургандай кылып шарт түзүп бериши керек", — деген Жапаров.
Ал иштеп тапкан акчасын узак мөөнөттүү инвестицияга, аманатка жумшоону каалаган эмгек мигранттарын, алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган программа 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин иштелип чыгып, кабыл алынарын айткан.
Программада алардын топтогон каражатынын бир бөлүгүн бизнес ачууга/өнүктүрүүгө же "мигранттар үчүн "1+1" схемасы менен бизнес ачууну каржылоо/аны өнүктүрүүгө" жеңилдетилген насыя берүү схемасы боюнча инвестициялоого мамлекет колдоо көрсөткөн инструменттерди түзүү каралган."Албетте, чет жакта иштеп жаткан жарандарыбыз мамлекеттен кандай жардамга үмүт арта аларын так билиши үчүн чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүү кажет", — деген президент.
Ушул эле маегинде Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге кечээ аяктаган иш сапарында эмне белек кылгандыгын айтып берген.