БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери россиялык "Спутник V" вакцинасы менен эмделишти. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүк маалымдады.
Билдирүүгө караганда, дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн бекер вакцина берүү сунушу Россия тараптан түшкөн.
"Кээ бир кызматкерлер эмдөөдөн өтүштү. Учурда алардын абалы канааттандырарлык деп бааланып жатат. Элчилик кызматкерлердин тезирээк калыбына келиши үчүн бардык шарттарды түзүп берди", — дешти дипөкүлчүлүктөн.
Вакцинаны иштеп чыккандардын расмий аккаунтунда өлкө аймагындагы дипломаттарга эмдөө программасына катышуу чакыруусу жиберилгени жазылган.
Жалпы жонунан 12 мамлекеттин элчиликтеринин кызматкерлери эмделген. Алар: Афганистан, Аргентина, Беларусь, Чили, Индия, Италия, Кыргызстан, Мексика, Молдова, Монголия, Сербия жана Испания. Башка элчиликтер да кызыкдар болуп жатканы айтылды.
Russia sent invitations to take part in #SputnikV vaccination program to all foreign embassies stationed in the country. Diplomats from 12 countries are already #sputnikvaccinated and many more embassies expressed interest. pic.twitter.com/8ka4GW5w2L
— Sputnik V (@sputnikvaccine) February 19, 2021
Учурда коронавирус илдетине каршы Россиянын Гамалея илимий борбору иштеп чыккан "Спутник V" вакцинасын алууга болот. Бул препарат дүйнөдө биринчилерден болуп каттоого алынган COVID-19га каршы вакцина болуп саналат.
Жакында эле Россияда COVID-19га каршы "КовиВак" аталышындагы үчүнчү вакцина каттоодон өттү.
Буга чейин Кыргызстандын бийлиги "Спутник V" вакцинасын алууга кызыкдарлыгын билдирген. КРдин тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги "Спутник V" менен "ЭпиВакКоронаны" сертификациядан өткөрүү боюнча иштерди аткарып жатат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градус болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылынын 25 жаштагы тургуну Дастан Кубатбеков 14 күндөн бери дайынсыз болуп, милиция издөө салды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
"Кубатбеков Дастан Замирбекович 16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен. Учурда Дастан Кубатбековдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана облустук милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылган маалыматта.Белгилери: бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, III топтогу майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт (дудук), эки көзү кылый.
Кийген кийимдери: башында боз түстөгү шапка, үстүндө кара өңдөгү жемпир, кызыл жилет, күрөң шым, бутунда жашыл резина өтүк болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Кубатбеков тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранды.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү мунай заттарын Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы чегинен сырткары ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат.
Бул боюнча токтом долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Бийлик муну менен Кыргызстандагы күйүүчү-майлоочу майлардын тартыштыгын алдын алууга аракет кылууда.
Эгерде токтом долбоору кабыл алынса, ал үч күндөн соң күчүнө кирип калат. Тыюу салуу ЕАЭБдин мунай жана мунай заттары боюнча жалпы рынокторун түзгөнгө чейин уланышы мүмкүн.2021-жылдын башынан тарта 1-мартка чейин россиялык өндүрүштөн чыккан бензиндин тоннасы 300 доллардан 500 долларга чейин өскөн. Кымбаттоо 67 пайызды түзүп, орточо эсеп менен алганда күйүүчү майдын литрине 14 сомдон туура келген. Дизель майдын тоннасы 360 доллардан 470ке чыккан. Пайыздык көрсөткүч менен эсептей келгенде 14 болгон. Бул литрине сегиз сом дегенди билдирет.