Турак жай алуу — кыргызстандыктардын жашоодогу негизги максаттарынын бири. Дароо эле үй сатып алуу көпчүлүк үчүн мүмкүн болбогондуктан, ипотека алууга туура келет. Бирок алгачкы төлөмдү табуу да бир тобуна оңой-олтоң иш эмес. Sputnik Кыргызстан дал ушул төлөмдү табуу жолдорун издеп көрдү.
Бул долбоорду Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Ак-Босого" туунду мекемеси ишке ашырат.
Талаптары төмөнкүдөй:
Компания жакында эле иштей баштагандыктан кредит берүү үч жылдан кийин башталат. Азырынча жарандардан жылдык чени үч пайыз менен депозиттер алынып жатат. Аманаттар Депозиттерди коргоо боюнча агенттик тарабынан корголот. Ал эми ипотеканы 6-9 пайыз менен берүү пландалууда.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алгачкы төлөм катары алына турган үйдүн баасынан 10 пайыздан кем эмес төлөнүшү керек деген талабы бар.
Бирок бул компаниянын бир катар долбоорлорунда "алгачкы төлөм жок болсо, кошумча күрөө койсо болот" деп айтылган. Мекеменин маалымат кызматынан түшүндүрүшкөндөй, бул алгачкы төлөмгө баасы барабар болгон кыймылсыз мүлк болушу мүмкүн.
Жогоркудай эле таризде иштейт. Бирок бул жерде мамлекеттик долбоорлор жок, банктар гана иш алып барат. Мисалы, айрым банктарда атайын ипотекалык депозиттер бар.
Алгачкы төлөм катары жылдык чени 3-4 пайыз менен 2-3 жыл бою акча чогултасыз. Андан соң сизге төмөндөтүлгөн ставка менен (12-14 пайыз) ипотека берилет. Эсиңизде болсун, ставка кадимки коммерциялык ипотекага карата төмөндөтүлөт.
Социалдык фонд пенсиянын топтомо бөлүгүн ипотекага алгачкы төлөм катары бере алат. Бул үчүн өзүнүн турак жайы жок адамдын пенсиясынын топтомо бөлүгү 50 миң сомдон төмөн болбошу зарыл. Айта кетчү нерсе, бул эреже мамлекеттик ипотека үчүн гана иштейт.
Каражатты алуу үчүн төмөнкү документтер керек:
Белгилей кетсек, каражатты жаран колуна албайт. Ипотека берилери тууралуу документтер даяр болгондон кийин каражат банк көрсөткөн эсепке которулат. Топтолгон акчанын суммасын билүү үчүн Социалдык фондго кайрылуу керек.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градус болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылынын 25 жаштагы тургуну Дастан Кубатбеков 14 күндөн бери дайынсыз болуп, милиция издөө салды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
"Кубатбеков Дастан Замирбекович 16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен. Учурда Дастан Кубатбековдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана облустук милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылган маалыматта.Белгилери: бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, III топтогу майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт (дудук), эки көзү кылый.
Кийген кийимдери: башында боз түстөгү шапка, үстүндө кара өңдөгү жемпир, кызыл жилет, күрөң шым, бутунда жашыл резина өтүк болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Кубатбеков тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранды.