Россиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалган Гүлнара-Клара Самат. Архив

Максим Бакиевден коркуп Москвага качкан. Россиядагы жаңы элчи тууралуу 9 факты

1464
(жаңыланган 18:32 22.02.2021)
2008-жылы жергиликтүү кеңештин шайлоосуна тогуз күн калганда БШКнын төрайымы Клара Кабилова коркутуп-үркүтүү болду деп Москвага качып кеткен. Ал аты-жөнүн өзгөртүп, 10 жылдан кийин ЖК депутаты болду. Эми Москвага элчи катары баратат.

Өткөн жылдын октябрынан бери бош турган Россиянын Кыргызстандагы элчиси кызмат ордун Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара-Клара Самат ээледи. Мурдагы элчи Аликбек Жекшенкуловду экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип жатып ээрден оодарган. Мунун себеби белгисиз бойдон калды.

Sputnik Кыргызстан бир чоң мамлекетте Ала-Тоонун өкүлү болуу жана ал жактагы миллионго чукул кыргызстандыктын таламын талашуу милдетин мойнуна алган Гүлнара-Клара Самат тууралуу фактыларды сунуштайт. Баса, анын мурдагы аты-жөнү Клара Кабилова экенин белгилей кетүү керек.

Россияда окуган, үй-бүлөсү да ошол жакта

Клара Кабилова 1963-жылдын 20-августунда Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн. Конфликтология, саясий процесстер жана технология адистиги боюнча жогорку билимдин ээси. Саясат таануу илимдеринин кандидаты. Жогорку билимди дагы Россиядан алып келген. Үй-бүлөсү Москвада жашайт, эки кыздын энеси. Буга чейин берген маегинде кыздары Ысык-Көл, Сары-Челекти көргөндөн кийин мекенге келүүгө ашыгып калышканын, мурда Кыргызстанга кызыгуусу жок болгонун айткан.

Назначенная послом Кыргызстана в России Гульнара-Клара Самат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Клара Кабилова 2006-жылы президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болуп иштеген

Мугалимдиктен баштаган жолу элчиликтин кеңешчисине чейин жетти

Клара Кабилова эмгек жолун 1986-жылы Таш-Көмүр шаарындагы №7 мектептен орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп баштаган.

1995-2001-жылдары КМШ өлкөлөрү башкармалыгынын III катчысы, андан соң Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча сүйлөшүүлөр тобунун (КР ТИМ) II катчысы, Кыргызстандын Беларустагы элчилигинин II катчысы, кийинчерээк I катчынын, Стратегиялык жана укуктук көйгөйлөрдүн эл аралык коопсуздугу башкы башкармалыгынын эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн кеңешчисинин кызматын ээлеген.

2001-2005-жылдарга чейин КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда КРдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультанты болгон.

2005-2006-жылдары КРдин Россия Федерациясындагы элчилигинин кеңешчиси кызматын аркалаган.

Бакиевдин тушунда кызматтан кызматка секирген

Клара Кабилова 2006-жылы элчиликтен келип президент Курманбек Бакиевдин маалымат катчысы болуп дайындалган. Кайра көп өтпөй эле президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр эл аралык институтунун директору болуп дайындалган.

Бир жылча иштегенден кийин 2007-жылы Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы болуп дайындалган. Анын жетекчилиги алдында 2007-жылы 21-октябрда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүлгөн. Ал эми 16-декабрда парламенттик шайлоо болгон.

Депутат ЖК от партии Ата Мекен Гульнара-Клара Самат во время принесения присяги
© Фото / пресс-служба ЖК
2015-жылы Кабилова Клара Саматовна аты-жөнүн Гүлнара-Клара Самат деп өзгөртүп алганы белгилүү болду

Максим Бакиев коркутту деп Россияга качып кеткен

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 2008-жылы 5-октябрга дайындалган. Бирок шайлоого тогуз күн калганда, 26-сентябрда, Кабилова дайынсыз жоголгон. Бир аздан соң ал видео кайрылуусун оппозициялык кыймылдын лидери Өмүрбек Текебаевге калтырып, Москвага качып кеткени белгилүү болгон. Ошентип кайрылуусу элге жарыяланат. Анда Кабилова президенттин уулу Максим Бакиев телефон чалып коркутуп, басым жасагандыктан өзүн жана үй-бүлөсүн коргоо үчүн кызматын тапшырып, чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан. Мындай коркутууга шаардык кеңешке талапкер катары катышкан оппозиционер Ишенбай Кадырбековдун кармалышын сындап, бошотууну талап кылганы себеп болгонун белгилеген. Себеби шайлоо өнөктүгү маалында талапкерди камоо мыйзамга каршы келет.

Мындай кадамы менен Кабилованын аты коомчулукта дүңгүрөгөн.

Бул иш боюнча башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, бирок "жабырлануучу арыз жазган жок" деген жүйө менен ишти кайра жапкан.

Өз кезегенде Максим Бакиев БШК төрайымына телефон чалбаганын айткан. Ал эми президент Курманбек Бакиев "өзү келип мага түшүндүрмө берсе туура болот эле" деген пикирин билдирген. Кетерден эки күн мурун оорусуна шылтап президент менен жолугушууга дагы келбей койгонун белгилеген.

Деген менен Кабилова 2009-жылы майда кайра кайтып келген. ЖМКларга берген маегинде катуу корккондуктан ушундай кадамга барганын айткан. Ошондой эле телефон чалган адам Максим Бакиев болбой калышы деле мүмкүн экенин болжогон.

Атын эмнеге өзгөрткөн?

Коомчулукту дүңгүрөткөн окуядан кийин анын карааны саясий талаадан көрүнбөй калган. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Кабилова Клара Саматовна деген аты-жөнүн Гүлнара-Клара Самат деп өзгөртүп алганы белгилүү болду. Ал "Ата Мекен" партиясынын тизмесинде 16-орунда эле. Аталган партиянын лидери Өмүрбек Текебаев ошол учурда Бакиевдер оппоненттерине кол сала баштагандыктан жеке коопсуздугу үчүн аты-жөнүн өзгөрткөн болушу керек деген божомолун айткан.

Аида Салянованын ордун ээледи

2015-жылдагы шайлоодо "Ата Мекен" 10 гана мандатка ээ болуп, Гүлнара-Клара Самат депутат боло албай калды. Бирок үч жыл өткөн соң, 2018-жылы майда, Аида Салянова мандатынан ажыратылган. Анын ордуна Гүлнара-Клара Самат келмек. Бирок ал Россиянын жараны экенин айтып БШКга даттангандар болду. Мындан улам БШК Кыргызстандын ТИМине кайрылып, талапкердин кош жарандуулугу бар-жогун тактап берүүнү суранган.

Боршайком Россиянын Юстиция министрлигинен Гүлнара-Клара Саматтын жарандыгы жок экенин ырастаган расмий жооп алган. Ошентип ЖК депутаты мандаты колуна тийген болчу.

"Мекенчил" партиясына өткөн

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясы менен аттанган. Ал алдыңкы 8-сапта турганы маалым. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгында аталган партия 7 пайыздык чекке илешип-илешпей турган чакта эл Ак үйдү басып алды. Мунун арты менен шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкты.

Гүлнара-Клара Самат депутат болуп эки жыл иштеген убагында кайсы бир мыйзамдарды демилгелеп же билдирүүлөрдү жасап чыккан жок. Аны ЖКнын жыйынынан чанда гана кезиктирүү мүмкүн эле.

Курулуш компаниянын жетекчиси

Юстиция министрлигинин сайтында Гүлнара-Клара Самат "РосКыргызстрой" компаниясынын директору катары көрсөтүлгөн. Бул ишкана 2007-жылы 8-августта негизделген, турак жай жана имараттарды куруу менен алектенет. Негиздөөчү катары андан сырткары беш адам катталган. Алар: Фишер Ян Ефимович, Евдокимов Вячеслав Валерьевич, Погосян Григорий Карленович, Аттокуров Раимкул, Горьковский Евгений Васильевич.

Депутат Жогорку Кенеша Гульнара-Клара Самат в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан в рамках круглого стола на тему Сотрудничество с Россией в сферах миграции, образования и региональных отношений.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Юстиция министрлигинин сайтында Гүлнара-Клара Самат "РосКыргызстрой" компаниясынын директору катары көрсөтүлгөн

Өзгөчө жумуштары жана сыйлыктары

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин (КМШ) өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн КМШнын Аткаруу комитетинин грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин ыраазычылыгы бар.

Россияда биринчи жолу расмий уюштурулган "Кыргыз биримдиги" кыргыз диаспорасынын демилгечиси жана анын уюштуруучуларынын бири.

КМШнын Абхазиядагы, Грузиядагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча ыкчам тобунун жетекчиси.

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылынын ардактуу атуулу.

1-класстагы катчы деген 1-дипломатиялык рангы бар.

1464
Белгилер:
кызмат, коркутуу, депутат, факты, Гүлнара-Клара Самат, элчи, Россия
Тема боюнча
ИИМдин РФтеги өкүлү: буюртма менен өлтүрүлмөк болгон эки кишини сактап калгам
Жапаровдун маалыматтык саясатын тескей турган Нуркамал Асканова тууралуу 6 факты
Аэропорттогу учак. Архив

Авиабилеттер качан арзандайт? Учурдагы абалга жана келечекке саресеп

85
(жаңыланган 16:58 02.03.2021)
Бүгүнкү күндө аба каттамдарына билет баасы мурункуга салыштырмалуу бир кыйла арзандап калган. Дагы бир нече рейстин кошулушу күтүлүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги учурдагы кырдаалга сереп салып, авиабилеттердин наркына кызыгып көрдү.

Пандемиядагы чектөөлөрдөн кийин Россия, Түркия, Бириккен Араб Эмирлиги, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү Кыргызстан менен аба байланышын жарым-жартылай жандантты. Жарандык авиация агенттигинин каттамдарды жөнгө салуу боюнча ага инспектору Азис Уметалиев республикадагы абал тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Кыргызстандан азыр беш мамлекетке каттам жолго салынган.

"Азыркы учурда график боюнча Россияга, Түркияга, Араб Эмирлигине, Казакстанга жана Өзбекстанга үзгүлтүксүз рейстер бар. Россияга жумасына алты жолу учуп жатышат. "Авиатрафик" компаниясы үч жолу жана "Аэрофлоттун" учагы үч жолу учат. Ошондой эле Түркияга да жумасына үч жолу каттам жүрүүдө. Мында Pegasus Airlines, "Авиатрафик" жана Turkish Airlines компаниялары каттап жатышат. Ал эми Дубайга Flydubai аптасына үч ирет учууда", — деди Уметалиев.

Анын айтымында, "Авиатрафик" компаниясынын Россияга бирдиктүү баасы 335 еврону (болжол менен 34 116,77 сом) түзөт.

"Учурда Кыргызстандан Россияга билет тартыш болуп жатат. Ал эми, тескерисинче, ал жактан учак жарым-жартылай бош келүүдө", — деди ал.

Билет баасын билүү үчүн редакция "Авиатрафик" компаниясы менен байланышты. Оператор аталган компания учурда Бишкек — Москва жана Бишкек — Стамбул каттамы менен иш алып барып жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, Москвага билет наркы 335 еврону (болжол менен 34 116,77 сом) түзсө, Түркияга март айы ичинде 13 628 сомдон 34 220 сомго чейин турат.

Ошондой эле атын атагысы келбеген авиабилет сатуучу кыз Россиянын жаранына үч күн мурда эле 43 миң сомго билет сатканын айтты.

"Мен өзүм "Аэрофлот" компаниясынан билет алып, Бишкек — Москва, Бишкек — Ош каттамы боюнча алып сатар катары иштейм. Азыр эң арзан билет чартердик каттамдарга 30 миң сом болуп жатат. 48 миң сомго чыгып кеткен учурлар бар. Москвадан Бишкек менен Ошко билеттердин айырмасы 2000 сомду түзөт. Ал эми Россиядан Кыргызстанга билет баасы 10-12 миң рубль. Мурда эки тараптуу каттамдын баасы бирдей эле болсо, азыр ортосунда асман менен жердей айырма бар", — деди ал.

Алдын ала билет алууга буюртма берсе, авиакомпаниялардын сайтынан арзаныраак билет алууга мүмкүн экендигин көрө алабыз. Билетке канчалык эрте буюртма берсе, ошончолук арзан учуу мүмкүнчүлүгү бар.

Бүгүнкү күндө Россияга Кыргызстандан чартердик каттам менен учуу үчүн негиздеме талап кылынып, анын бар-жогун авиакомпания текшерет. Бул документти үч жагдайда гана алууга болот:

  • ден соолугуна байланыштуу дарылануу үчүн;
  • атайын тизмеге кирген уюмдун адиси болсо:
  • ата-энеси же жакыны ошол баруучу мамлекетте жашаса.

Кыргызстандагы Туризм ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана мурдагы төрагасы, ошондой эле билет сатуу менен алектенген авиакассанын жетекчиси Талант Токталиев негиздемени көзөмөлдөө функциясы эмне себептен авиакомпанияларга берилгендигин түшүндүрүп берди.

"Негиздемеси барларга жакын туугандарынын бири Россиянын жараны болгондор же чакыруу кагазы менен келишими бар атайын тизмеге кирген уюмдардын адистери кирет. Эгер Россиянын клиникаларына дарыланууга чакыруусу болсо да негиздеме ала алат. Негиздемени авиакомпаниялар эле текшергендигинин себеби, жарандар чет мамлекетке учуп баргандан кийин документи дал келбей калса, аны кайра депорт кылууга туура келип калат. Кеткен чыгымдын баарын авиакомпания өзүнүн мойнуна алат. Ошондой түшүнбөстүктөр болбошу үчүн негиздемени текшерүү иши Россиянын Чек ара кызматына эмес, учууга уруксат берилген авиакомпанияларга жүктөлгөн. Муну көпчүлүк түшүнбөй эле "Россиядан негиздемени сурабайт экен" деп нааразы болушууда. Бизге эле эмес бардык мамлекеттерге талап ушундай. Тескерисинче, биздин жарандар Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарына караганда негиздемеден улам авиакаттам менен түз кирүү мүмкүнчүлүгүн алышкан", — деди Токталиев.

Ал мурункуга караганда билет баасы алда канча арзандап калгандыгын кошумчалады.

"Мурда билет наркы 60-80 миң сомго чейин барса, азыр 30-40 миң сомдун тегерегинде. Кээде 60 миң сомго чейин барууда. Бирок төмөнкү чектеги баа арзандап калды. Кошумча каттамдар да ачылып, үзгүлтүксүз учкан рейстердин саны көбөйдү. "Авиатрафик", "Аэрофлот", S7 компанияларына уруксат берилди. Оштон да Уфага жана Самарага негиздемеси бар рейстер коюлду. Кошумча каттам ачылганына байланыштуу билет баасы түшүп жатат", — деди Токталиев.

Ал билеттердин баасы мындан да арзандашы күтүлүп жаткандыгын белгиледи.

Ал эми борбордогу авиакассалардын биринде эмгектенген кызматкердин берген маалыматына караганда, Turkish Airlines компаниясы аркылуу ушу аралыкта 13 910 сомдон 23 835 сомго чейин Түркияга билет алууга болот. Ал эми эконом-класска эң кымбат билет баасы 90 826 миң сомду түзсө, бизнес-класстын эң кымбаты 120 066 сом болот.

Ошол эле учурда Дубайга Flydubai компаниясы аркылуу билет баасы 304,40 доллардан (болжолдуу түрдө 25 808,10 сом ) 1135,40 долларга (болжол менен 96 263,19 сом) чейин болуп жатат.

85
Белгилер:
Дубай, Түркия, Россия, Бишкек, билет, аба каттам
Тема боюнча
Алматы – Ош – Алматы чартердик каттамы ачылды
Эми учактар Бишкектен Москвага жумасына алты ирет каттай баштайт
Референдум деген жазуусу бар бюллетендердин кутучасы. Архив

ЖК комитетинде референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды

40
(жаңыланган 16:09 02.03.2021)
Депутат Бактыбек Турусбеков референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна кошуп өткөрүүнү демилгеледи.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды.

Азыркы тапта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жаңы Конституциянын долбоорун карап жатат.

Жыйында ЖК депутаты, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Бактыбек Турусбеков баяндама жасап, референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна кошуп, 11-апрелде өткөрүүнү колдоп берүүнү өтүндү.

Эске салсак, өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Парламентарийлердин демилгеси коомчулуктун катуу сынына кабылды. Мындан улам ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Алар 27-январда өз ишин жыйынтыктаган. 

Ал эми 17-февралда жаңы Баш мыйзамды демилгечи делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган.

40
Белгилер:
кароо, комитет, Жогорку Кеңеш, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Касымалиева: жаңы Конституцияда президентке импичмент жасоо такыр мүмкүн эмес
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архив

ЖКнын тармактык комитети жаңы Конституциянын долбоорун жактырды

0
(жаңыланган 17:04 02.03.2021)
Регламентке ылайык, эми Баш мыйзымдын долбоору парламенттин жалпы жыйынына чыгарылып, 120 депутаттын кароосуна коюлат.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жаңы Баш мыйзамдын долбоорун жактырды.

Кароо учурунда көп талкуу болгон жок, төрт-беш депутат гана суроо берүү менен чектелди. Жыйынтыгында комитеттин мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти.

Регламентке ылайык, эми Конституциянын долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Эгер үч окуудан тең колдоо тапса, референдум дайындалмакчы.

0
Белгилер:
долбоор, комитет, Жогорку Кеңеш, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
Касымалиева: жаңы Конституцияга бир да депутаттын сунушу кабыл алынган жок
ЖК комитетинде референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды
Абдылдаев: Конституцияны эринбей Испания, Португалиядан алып жазышыптыр