Никедеги бактылуулук адамдын генетикасынан көз каранды. Жаңы иликтөө

© Фото / Pixabay / StockSnapЖенитьба в КР
Женитьба в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
Илимпоздор 71 үй-бүлөнү иликтөөгө алышкан. Алгач түгөйлөр үйлөнгөн маалда алардан ДНК анализ алып, генетикасынын кайсы түргө кирерин аныкташкан.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Окумуштуулар адамдын үй-бүлөлүк жашоого болгон канааттануусу генетикасынан көз каранды экенин аныкташты. Бул тууралуу Арканзас университетинин (АКШ) психологдорунун иликтөөсүнө таянып Medical Express медициналык басылмасы жазды. 
Мындай бүтүмгө келүү үчүн окумуштуулар 71 үй-бүлөнү иликтөөгө алышкан. Түгөйлөр үйлөнгөн маалда алардан ДНК анализ алып, генетикасынын кайсы түргө кирерин аныкташкан. Андан соң үч жыл бою ар бир төрт ай сайын сурамжылоо жүргүзүп турушкан.
"Жыйынтыгында генетикасы СС деп аталган түргө кирген адамдарда жакын кишисине ыраазы болуу деңгээли алда канча жогору болору билинген. Бул топко кирген адамдар түгөйүнө бекем ишенерин жана үй-бүлөдө бактылуу экенин айтышкан", — дейт адистер.
Ал эми генетикасы АС жана АА түрүнө киргендер үйдө уруш бат-баттан болуп, көйгөйлөр көп жараларын айтышкан. Бирок окумуштуулар акыркы эки топко кирген адамдар такыр эле үй-бүлө кура албайт деген ойдон алыс болууга чакырат.
Болгону бул адамдар өзүмчүл келгендиктен, айрым учурда жанындагылар менен тил табышуусу салыштырмалуу татаалыраак болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0