Аскердик учкуч Болот Мамбеталиев

Аскердик учкуч Мамбеталиев: Афган согушунан бир гана нерсе менен сыймыктанам

1224
(жаңыланган 00:45 24.02.2021)
1989-жылы 15-февралда Афганистандан советтик жоокерлер толугу менен чыгарылган. Бул кан майданга катышкан кыргызстандыктардын бири — отставкадагы полковник, аскердик учкуч Болот Мамбеталиев. Ал полк командири болгон жалгыз кыргыз эле.

Согушта моджахеддер АКШнын "Стингер" аттуу көтөрмө зенитка-ракеталык комплексин колдонгондуктан, советтик аскердик учактар менен вертолёттор көп зыянга учураган. Аталган комплексти 1987-жылы Мамбеталиевдин экипажы менен аскердик чалгынчылар жашыруун Кабулдан Ташкентке жеткизген факты коомчулуктун басымдуу бөлүгүнө маалым эмес. Жердешибиз Афганистанда көрсөткөн каармандыгы үчүн эки "Кызыл Жылдыз", "Кызыл Туу" жана Афганистандын "Элдин Достугу" ордендери менен сыйланган. Мындай аскердик сыйлык алган кыргызстандык афганчылар сейрек. Мамбеталиев менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.

Рынок Пушту в Баглане, северный Афганистан. 1987г.
© Фото / из личного архива Чолпонбека Беккелдиева
Баглан шаарындагы Пушту базары. Түндүк Афганистан, 1987-жыл

— Жакындарыңыз Улуу Ата Мекендик согушка катышкан экен...

— Ооба, 1945-жылы март айында таятам Мырзалы Таштанов Чехословакияны бошотуу учурунда курман болгон. Таякем Калмат Шопоков Улуу Ата Мекендик согуштан капитан наамын алып, аман кайткан. Атам Сасыкул Мамбеталиев кесиби боюнча юрист. Ал өмүр бою прокуратурада иштеп, пенсияга чыккандан кийин сталиндик репрессияга дуушар болгондорду реабилитациялоо тайпасында иштеген. Далай адамды актоого көмөктөштү. Атамдын мындай кызмат өтөгөнү үчүн абдан сыймыктанам. Энем Анипа Мырзалиева Калинин районунун аткаруу комитетинин биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо боюнча министри, Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары сыяктуу кызматтарда иштеген. Үч бир тууганбыз.

  • №33860 аскердик бөлүктүн командири подполковник Болот Мамбеталиев (сол жакта) 40-армиянын аба күчтөрүнүн инспектору подполковник Виктор Царалов менен. Кабул шаары. 1987-жыл.
    №33860 аскердик бөлүктүн командири подполковник Болот Мамбеталиев (сол жакта) 40-армиянын аба күчтөрүнүн инспектору подполковник Виктор Царалов менен. Кабул шаары. 1987-жыл.
    © Фото / из личного архива Болота Мамбеталиева
  • Моджахеддер “Стингер” менен атып түшкөн  советтик аскердик учак. Түндүк Афганистан. 1986-жыл.
    Моджахеддер “Стингер” менен атып түшкөн советтик аскердик учак. Түндүк Афганистан. 1986-жыл.
    © Фото / из личного архива Болота Мамбеталиева
  • Подполковник Болот Мамбеталиев (оң жакта) ленинграддык экипаждын командири майор Долгополов жана штурман майор Филимонов. Кабул шаары. 1987-жыл. Февраль айы.
    Подполковник Болот Мамбеталиев (оң жакта) ленинграддык экипаждын командири майор Долгополов жана штурман майор Филимонов. Кабул шаары. 1987-жыл. Февраль айы.
    © Фото / из личного архива Болота Мамбеталиева
1 / 3
© Фото / из личного архива Болота Мамбеталиева
№33860 аскердик бөлүктүн командири подполковник Болот Мамбеталиев (сол жакта) 40-армиянын аба күчтөрүнүн инспектору подполковник Виктор Царалов менен. Кабул шаары. 1987-жыл.

— Аскердик учкуч болууну бала кезиңизден кыялдандыңыз беле?

— Бала кезимен аскердик учкуч болгум келчү. Себеби биздин муунга адамзаттын алгачкы космонавты Юрий Гагариндин өмүр жолу үлгү болгон. 1972-жылы Фрунзе шаарындагы №36 орто мектепти аяктап, Рига шаарындагы жарандык авиация үчүн инженерлерди даярдоочу институтка өттүм. Бирок бул окуу жайды биринчи курстан кийин таштадым. Кыялымда аскердик учкуч болууну самачумун. 1973-жылы Советтик армиянын катарына чакырылдым, армияда кызмат өтөгөн соң аскердик учкучтарды даярдаган окуу жайга тапшыруу оңой болот деп тааныштарым кеңеш беришти. Адегенде авиация багытында окугандыктан мени Рубцовск калаасындагы аскердик авиация үчүн кенже адистерди даярдоочу №48 мектебине жиберишти. Аны аяктагандан кийин Забайкалье округундагы аскердик учкучтар полкунда кызмат өтөй баштадым. 1974-жылдын жазында Балашов шаарындагы (Саратов облусу) жогорку аскердик учкучтарды даярдоочу окуу жайына өтүп, 1978-жылы учкуч-инженер квалификациясын алдым. Андан кийин жетекчилик Алматы шаарындагы авиациялык полкко жиберди.

Полковник в отставке, военный летчик Болот Мамбеталиев в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамбеталиев: бала кезимен аскердик учкуч болгум келчү. Себеби биздин муунга адамзаттын алгачкы космонавты Юрий Гагариндин өмүр жолу үлгү болгон

— Афганистанга барып калам деп деле ойлобосоңуз керек?

— Ичимде баары бир согушка катышат болушум керек деген сезим бар эле. Биз, офицерлер, кашык каным калганча Ата Мекенди коргойм деп ант бергенбиз да. Менин пикиримде, ар бир муун согуштан өтөт окшойт.

— Алгач кандай сезим болду?

— 1980-жылы командачылык Афганистандагы согушка жиберди. Адегенде Желалабад шаарындагы аскердик бөлүккө келдик. Калаанын аты биздин Жалал-Абадга окшош экен деп күлгөнүм эсимде. Өтө ысык болот экен, пальма менен апельсин өскөнү аябай таң калтырды. Жергиликтүү элдин басымдуу бөлүгүнүн итке минген жашоосун көрүп жакамды кармадым.

Продавец сластями в провинции Бадахшан, северный Афганистан. 1980г.
© Фото / из личного архива Александра Болотина
Жергиликтүү тургун таттуу момпосуй сатып жаткан учуру. Бадахшан аймагы, Түндүк Афганистан. 1980-жыл

Март айында командачылык Желалабад аймагынын Кунар капчыгайындагы аскердик операцияга катышууга буйрук берди. Аскердик атайын авиацияда радио чалгын жана ретранслятор болот. Биздин милдет абадан аскерлердин командачылык пункт менен үзгүлтүксүз байланышын камсыздоо болчу. Мындан сырткары, биздин учактар атайын маалымдоо жана аба чалгын кызматын аткарды. Андан кийин Афганистанда 1986-1987-жылдары болдум. 1987-жылы июлда №33860 аскердик бөлүктүн командири болуп дайындалган кезде подполковник наамында болчумун. Бул кан майданда 640 ирет учуптурмун. Баш-аягы эки жыл согуштум. Аскердик учкучтар күнүгө учушат, анан 16 сааттан ашык абада калкыш оңой эмес да. Ар бир 5 саат 40 мүнөт сайын аэропортко түшүп учакка май куйдурчубуз. Ошондо да майың түгөнөйүн дегенде араңдан зорго базага кайтасың. Эки же үч жумада бир ирет аскердик техниканы ремонттон өткөргөндө гана дем алып, анча-мынча уйкубузду кандырчубуз. Дал ушул себептен Советтер Союзунун коргоо министринин буйругу менен учкучтар бул согушта бир жыл гана кызмат өтөп, СССРге кайтышчу. Афганистандагы эң башкы сыймыгым — аскердик бөлүгүмөн бардыгы мекенине аман-эсен кайтышты.

Полковник в отставке, военный летчик Болот Мамбеталиев в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Мамбеталиев: 1986-жылы моджахеддерге АКШ "Стингер" аттуу көтөрмө зенитка-ракеталык комплекс берип, аны колдонгонду атайын чет элдик инструкторлор үйрөтүшкөн

— Афганистанда согушуп жаткаңызды жакындарыңыз билдиби?

— Жубайым билчү. Ошол учурда бир кыздуу жана уулдуу болгонбуз. Башында ата-энем менен бир туугандарым билген жок, кийин билишти. Апам кызматтык абалдан пайдаланып мени Афганистандан алып калса болот эле. Бирок ал бул мүмкүнчүлүктү пайдаланган жок (күлөт).

— Кайсы аскердик тапшырма эсиңизде калды?

— 1986-жылдын сентябрь айынын башында моджахеддерге АКШ "Стингер" аттуу көтөрмө зенитка-ракеталык комплекс берип, аны колдонгонду атайын чет элдик инструкторлор үйрөтүшкөн. Сентябрдын аягынан тарта афгандык козголоңчулар "Стингер" менен советтик учактарды, вертолетторду массалык түрдө атып түшүрө баштады. Расмий маалыматка таянсак, Афганистанда советтик армия 333 тик учак жана 118 учагын жоготкон. Согушкерлер ушул куралды колдонуп биздин авиациянын 30-40 пайызын жок кылган. Себеби күндүз моджахеддерге учак менен тик учактарды атып түшүрүү абдан оңой болчу. 40-армиянын авиациясы түн ичинде учууга мажбур болду. СССРдин коргоо министри маршал Сергей Соколов тез арада жана эч нерсеге карабастан "Стингерди" толук комплекти менен колго түшүргүлө деген буйрук берет. Бул куралды биринчи таап келген аскерге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилет деп айтылган. 1987-жылы 5-январда Советтер Союзунун Коргоо министрлигинин Генштабынын курамындагы башкы аскердик чалгындоо башкармалыгынын чалгынчылары Түштүк Афганистандагы Калат шаарынын жанында аталган куралдын төрт комплектин колго түшүрөт. 6-январда Кабулдагы аэропортко БТР менен "Стингерди" алып келип сүрөткө тартышты. Аны аскердик чалгын тобунун командири майор Евгений Сергеев төрт БТРдин жардамы менен алып келип, даяр турган биздин "Ан-24" учагыбызга жүктөдү. Бул маалда калган үчөө курчап турду. Бирок биз бул куралды Союзга алып барарыбызды билген эмеспиз. Учарга 15 мүнөт калганда гана командачылык "экипаж аскердик чалгынчылар менен "Стингерди" Ташкентке жеткизет" деген буйрук берди. Ошентип аскердик учак жана тик учактардын коштоосунда Ташкентке учтук. Жолдон маршрутту да алмаштырганга туура келди. Себеби согушкерлер бизди атып түшүрбөсүн деген кооптонуу болду. Эки жарым сааттын ичинде Өзбекстандын борборуна учуп келдик. Ал жерден бизди командачылык менен атайын чалгын тобу эки брондолгон автоунаа менен тосуп алып, комплексти "ТУ-154" учагына жүктөп дароо Москвага жөнөттү.

Жители Бахаракской долины идут на базар в провинции Бадахшан, Бахаракский уезд, северный Афганистан. Ноябрь,1980г.
© Фото / из личного архива Азамата Шамырканова
Бахарак өрөөнүн тургундары базарга бара жаткан учуру. Бадахшан чөлкөмү, Бахарак уезди, Түндүк Афганистан. Ноябрь, 1980-жыл

Андан кийин АКШнын борбордук чалгындоо кызматы моджахеддерге жана СССРдеги тыңчыларына колго түшкөн "Стингерди" кайдан болсо да таап, жок кылгыла деген талап коюптур. Ошон үчүн жетекчилик ушундай чараларды колдонуптур. Тилекке каршы, Евгенийге Советтер Союзунун Баатыры наамы берилбей, "Ленин" ордени менен гана сыйланыптыр.

1988-жылы ноябрда Союзга келип, ГДРде кызматымды уланттым. 1991-жылы Кыргызстанга кайттым. 1999-жылы Баткендеги согушка катыштым. Уулум Тимур да менин жолумду улап, мен окуган аскердик учкучтарды даярдоочу училищасын бүтүрүп, Санкт-Петербург шаарында жарандык авиацияда эмгектенип жаткан учуру.

1224
Белгилер:
Болот Мамбеталиев, тапшырма, СССР, АКШ, ракета, сыймык, жоокер, согуш, Афганистан
Тема боюнча
Афганистан, сени эстесем жүрөк сыздайт... Кан кечкен согуш ардагерлеринин баяны
"Афганчы" Шамырканов: 41 жыл мурун Оштон Файзабадга жеткичекти көргөн азапты унутпайм
Тиктешкен моджахед, орусча сөгүнүп аман калган жоокерлер... "Афганчылардын" окуясы
Көк бөрү боюнча мелдеш. Архив

Ноорузга карата Чолпон-Ата, Ош шаарларында ат оюндары өтөт

27
(жаңыланган 15:13 09.03.2021)
Мелдештер аймактарда спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатын көздөйт.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Элдик майрамдын урматына улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

"Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны Спорттун улуттук турлөрү боюнча дирекциясы, өлкөнүн Көк бөрү, Аргымак, Салбуурун, Эр эңиш федерациялары уюштурууда.

Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.

Чолпон-Атада болуучу мелдештердин программасы тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот.

27
Белгилер:
Чолпон-Ата, Ош, Көк бөрү, мелдеш, улуттук ат оюндары, Нооруз
Тема боюнча
Темир билек балбандар. Оор атлетика боюнча өлкө чемпиондору аныкталды
Ноорузда көк бөрү легендаларынын жаркын элесине арналган өлкө чемпионаты өтөт
Биринчи май райондук соту. Архив

Бишкекте митингге тыюу салган чечимге каршы болгондор сотко даттанды

21
(жаңыланган 15:01 09.03.2021)
Митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге каршы болгон активисттер сотко арыз менен кайрылган. Иш эми Бишкек шаардык сотунда каралмакчы.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Демилгелүү топ Бишкектин борборунда митинг жана жүрүштөргө тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.

22-февралда Биринчи май райондук администрациясы "Ала-Тоо" аянтында жана эски аянтта түрдүү акциялардын өтүп жатышы шаардыктарга жана транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын айтып сотко кайрылган.

Биринчи май райондук соту акимчиликтин арызын канааттандырып, шаардын борборунда 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган.

Бул чечимге каршы болгон "8/365" деп аталган демилгелүү топтун өкүлү Евгения Крапивина 5-мартта сотко даттанган. Иш Бишкек шаардык сотуна өткөрүп берилет.

Кечээ шаардын борборунда аялдардын укугун коргоого багытталган тынчтык жүрүшү өтсө, бүгүн жаңы Конституциянын долбооруна каршы болгондор митингге чыкты.

21
Белгилер:
Бишкек, сот, чечим, митинг
Тема боюнча
Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Себеби
Финпол кызматкерлери. Архив

Финполду кандай кылып жоюшат, кызматкерлери кайда барат? Комиссиянын жообу

73
(жаңыланган 15:47 09.03.2021)
Комиссия төрт топко бөлүндү, бүгүн алардын алгачкы отуруму өттү. Финполду жое турган комиссиянын мүчөлөрү кандай иштерин Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) жоюу боюнча иш алып бара турган комиссиянын төрагасы Кылычбек Абышев Sputnik агенттигине комиссиянын кандай тартипте иш алып барарын айтып берди.

Буга чейин өкмөттөн аталган комиссия сөз болуп жаткан кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде түзүлгөндүгүн билдиришкен. Абышев КРдин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары.

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын имараты. Архив
© Фото / пресс-служба ГСБЭП при ПКР
Абышевдин айтымына караганда, комиссияга кирген 35 адам ар кыл мамлекеттик органдардагы эксперттер менен адистер. Анын төрагасынын орун басарлыгына Финполдун жетекчисинин орун басары болуп иштеген Жоомарт Султанов дайындалып, ал жетекчинин милдетин аткарууда.

Абышев бүгүнкү күндө комиссия биринчии отурумун өткөрүп, иштин кандайча тартипте жүрө тургандыгын талкуулап алышканын билдирди. Мындан ары жасала турган иштердин планы туурасында маалымат берилмекчи.

Комиссиянын төрагасы адистердин ишин төрт багытка бөлдү:

  • Биринчи топ Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин мындан аркы тагдырын чечип жана үч айлык маянанын өлчөмүндө кенемте төлөп берүү маселесин карайт;
  • Экинчи топ ыкчам-тергөө тобу болот. Комиссиянын бул топто иштеген мүчөлөрү ачылган кылмыш иштеринин материалдарын андан ары кимге берүү маселесин карайт. Анткен менен Финполдун милдетин аткара турган мамлекеттик орган аныктала элек;
  • Үчүнчү топ Финполдун мүлкүнүн эсебин алып, каттайт. Анын ичинде бухгалтериясын, оргтехникаларын жана имаратын да карашат;
  • Төртүнчү топ уюштуруу жана укуктук маселелер боюнча иш алып барат, тагыраагы, кызматты жоюу иштерин документтештирет.

Абышев мыйзам боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарды мамлекеттик башка органдарга бергенге акысы жоктугун айтты. Ал арада өкмөттүн 5-марттагы токтому менен Экономика жана Финансы министрлигинин алдында Экономикалык кылмыштардын алдын алуу боюнча атайын департамент түзүлгөндүгүн айтып берди.

"Департамент Финполдон штаты, милдеттери, аткара турган иштери боюнча бир топ эле айырмаланат. Ал жакка сынак менен жаңы кызматкерлер алынат. Андан сырткары, Финполдун иштен бошогон кызматкерлери да башкалар сыяктуу эле арызын берсе болот. Аларга артыкчылыктар каралган эмес", — деди ал.

Өкмөттүн токтомунда Финполду жоюу боюнча комиссиянын ишинин мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес. Анын төрагасы жумуштан бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөп берүү жана башка иштерди эске алганда мыйзам боюнча үч айда бүтүш керектигин, бирок процессти тездетүүгө аракет кылышаарын айтты.

Абышев Сыймык Жапыкеев ээлеген кызматынан аталган кызматты жоюу боюнча чечимдин негизинде бошотулгандыгын кошумчалады.

73
Белгилер:
комиссия, Сыймык Жапыкеев, финансы полициясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Финполду жоюу боюнча комиссиянын курамына киргендер. Тизме