БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык жабдуу департаменти коронавирусту профилактика кылуу үчүн "Спутник V" вакцинасына каттоо күбөлүгүн берди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
"Вакцинаны Кыргызстанда каттоо жакынкы аралыкта калкты коронавируска каршы эмдөө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет", — деп айтылат маалыматта.
"Спутник V" вакцинасын Россиянын Гамалея илимий борбору иштеп чыккан. Ал РФте 2020-жылы август айында каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын бийлиги "Спутник V" вакцинасын алууга кызыкдарлыгын билдирген. Бул препарат дүйнөдө биринчилерден болуп каттоого алынган COVID-19га каршы вакцина болуп саналат.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градус болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылынын 25 жаштагы тургуну Дастан Кубатбеков 14 күндөн бери дайынсыз болуп, милиция издөө салды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
"Кубатбеков Дастан Замирбекович 16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен. Учурда Дастан Кубатбековдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана облустук милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылган маалыматта.Белгилери: бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, III топтогу майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт (дудук), эки көзү кылый.
Кийген кийимдери: башында боз түстөгү шапка, үстүндө кара өңдөгү жемпир, кызыл жилет, күрөң шым, бутунда жашыл резина өтүк болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Кубатбеков тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранды.