Премьер-министр Улукбек Марипов № 73809 аскер бөлүгүнө барды

Өкмөт башчы Улукбек Марипов Кой-Таштагы аскер бөлүккө барды. Сүрөт

151
(жаңыланган 13:39 23.02.2021)
Өкмөт башчы аскер жайынын техникалары жана куралдары, ошондой эле жоокерлердин жеген тамак-ашын көргөн.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүнө барып, Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу тизилүүгө катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

  • Премьер-министр Улукбек Марипов Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүнө барып, Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу тизилүүгө катышты
    Премьер-министр Улукбек Марипов Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүнө барып, Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу тизилүүгө катышты
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады
    Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Марипов аскер жайынын техникалары жана куралдары, ошондой эле жоокерлердин жеген тамак-ашын көргөн
    Марипов аскер жайынын техникалары жана куралдары, ошондой эле жоокерлердин жеген тамак-ашын көргөн
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Өкмөт башчы аскер кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, күжүрмөн даярдыктарына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле жеке курамдын машыгуусуна шарт түзүү үчүн мультимедиалык проектор сатып алууга 100 миң сомдук сертификат берди, — деп айтылат маалыматта
    "Өкмөт башчы аскер кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, күжүрмөн даярдыктарына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле жеке курамдын машыгуусуна шарт түзүү үчүн мультимедиалык проектор сатып алууга 100 миң сомдук сертификат берди", — деп айтылат маалыматта
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
  • Премьер-министр Улукбек Марипов посетил войсковую часть № 73809 Министерства обороны КР и принял участие в торжественном построении, приуроченному к празднованию Дня защитника Отечества.
    Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин № 73809 аскер бөлүгүнө барды жана Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу сапка тизилүүгө катышты

  • Премьер-министр посетил войсковую часть № 73809 Министерства обороны КР и принял участие в торжественном построении, приуроченному к празднованию Дня защитника Отечества.
    Премьер-министр Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин № 73809 аскер бөлүгүнө барды жана Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу сапка тизилүүгө катышты
    © Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
1 / 7
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Премьер-министр Улукбек Марипов Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүнө барып, Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу тизилүүгө катышты

Марипов аскер жайынын техникалары жана куралдары, ошондой эле жоокерлердин жеген тамак-ашын көргөн.

"Өкмөт башчы аскер кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, күжүрмөн даярдыктарына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле жеке курамдын машыгуусуна шарт түзүү үчүн мультимедиалык проектор сатып алууга 100 миң сомдук сертификат берди", — деп айтылат маалыматта.

Маалыматта Улукбек Марипов 16-февралда КР Куралдуу күчтөрүнүн мөөнөттөгү аскерлеринин азык-түлүк рационунун жаңы нормасын бекитип, анда калориялуу тамактар киргизилгени белгиленет.

151
Белгилер:
аскердик бөлүк, сүрөт, Кой-Таш, куттуктоо, Улукбек Марипов
Тема боюнча
Садыр Жапаров Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады
Трайбализмди жок кылабыз. Марипов акимдерди ротациялап, аттестациядан өткөрөт
Башкы прокуратуранын имараты. Архив

Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп берген ишеним номерлерин жарыялады

58
(жаңыланган 22:35 26.02.2021)
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.

Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.

Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду. 

58
Белгилер:
текшерүү, ишкердик, ишеним телефону, Башкы прокуратура, Кыргызстан
Тема боюнча
Дарыканаларды текшерүүгө мораторий жоюлат. Мыйзам долбоору даярдалууда
Дарактагы кар. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

49
27-февралга караган түнү жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Ысык-Көлдө -2…+3, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус болору болжолдонду.

Күндүн табы Бишкекте -3…-5, Ош шаарында 0…+2 градус болот.

49
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кытайда климат кескин өзгөрүп, кесепети оор болору болжолдонуп жатат