Киши лампочканы кармап турат. Архив

Эртең Бишкектин ондогон көчөлөрү жарыксыз калат. Тизме

123
(жаңыланган 19:20 23.02.2021)
Электр жарыгы план боюнча өчүрүлүп жатат. Тизмеде шаардын айрым борбордук көчөлөрү, андан сырткары жаңы конуштагы көчөлөр да бар.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Бишкектин айрым аймактарында эртең, 24-февралда, жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган көчөлөр:

  • 9:30-12:00 — 7-кичи райондо (№ 9, 10, 10а, 11, 11а, 12, 33 үйлөрүндө) жана Профсоюз, Мессароша көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 9:30-15:00 — Тоголок Молдо, Васильев, Фиолетовый көчөлөрүндө жана Алтай менен Каарман кууш көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 9:30-17:00 — Репин, Ахунбаев, Насиров, Суванбердиев, Саратовский, Фрунзе, Пионерский, Пархоменко, Матросов, Жантөшев, Бектенов көчөлөрүнүн жана Елецкий кууш көчөсүнүн кесилиштеринде. Ынтымак, Жеңиш, Киргизия, Чоң-Арык, Арча-Бешик (Абдрахманов, Улан, Таалай, Карельская, Оман, Кожомкулов көчөлөрүндө) жаңы конуштарында;
  • 9:30-18:00 — Ала-Тоо (Талды-Булак, Ак-Булак, Кара-Сай, Көк-Кыр, Сары-Учкун, Туюк-Жар, Ара-Кол, Кара-Алма, Кара-Кужур, Бердибаев көчөлөрү) жаңы конушунда;
  • 10:00-17:00 — Токтогул, Гоголь, Сагынбай Манасчы, Москва, Сүйүнбаев жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 13:00-15:00 — Кайназаров жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 13:00-17:00 — 7-кичи райондун айрым жерлеринде (№ 38/1, 39, 40, 41, 42, 43 үй);
  • 15:00-17:00 — Кустанайский, 9-январь, Власов, Брестский, Дэн Сяопин жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 15:30-18:00 — Махатма Ганди, Саадаев көчөлөрүнүн жана Белозерский, Кожобергенов, Витебский кууш көчөлөрүнүн кесилишинде.
123
Белгилер:
жаңы конуштар, көчө, жарык өчүрүү, Бишкек
Тема боюнча
Белден келген карды малтап. Ат жүрө албай, тоого жөө чыккан энергетиктер. Видео
Суусамырдагы гидроэлектр станциясынын техникалык негиздемесин түзүү пландалууда
Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармалышы. Архив

Камчы Көлбаев бир шарт менен абактан бошотулду

39
(жаңыланган 17:43 02.03.2021)
Көлбаев өткөн жылдын октябрь айында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Кийин ден соолугуна байланыштуу колонияга которулган. Жакында эле райондук сот анын камактагы мөөнөтүн узарткан болчу.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаев эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулду. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова тастыктады.

Анын айтымында, кримтөбөлдүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум бүгүн, 2-мартта, болгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-мартта Көлбаевдин баш коргоо чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 22-мартка чейин узарткан.

Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорттук клубдардын биринде кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында алынган маалыматтын негизинде колго түшүрүлгөн. Материалдар Кылмыш кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") боюнча катталган.

24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев тергөө бүткөнгө чейин камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кийин Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз түшүп, бирок аны жактоочулар кайра артка кайтарып алышкан.

Ноябрь айынын аягында Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 колонияга которулуп, ошондон бери аталган абакта кармалып келген эле.

39
Белгилер:
Камчы Көлбаев, кримавторитет, сот, абак, бошотуу
Тема:
Камчы Көлбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Баңгизат лабораториясын иштеткен адвокаттын жоругу. Февралдагы соттук чечимдер
Ирандан алып келинген жарым миллиондой таңгак тамеки аныкталды. Видео
Эл аралык аэропорттогу жүргүнчү. Архив

Кыргызстандын жарандары Россияга негиздемеси жок кириши мүмкүн

29
(жаңыланган 17:24 02.03.2021)
Биринчи вице-премьер Артём Новиков РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен "COVID жок саякатта" программасын талкуулашкан.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар Россиянын аймагына негиздемеси жок кириши мүмкүн. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаровдун 26-февралда Россияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгы боюнча биринчи вице-премьер Артём Новиков РФ өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушкан.

Тараптар Россиянын "COVID жок саякатта" программасына Кыргызстандын катышуусун талкуулашкан. Ага катышууга өлкөнүн медициналык лабораторияларынын Россиянын керектөөчүлөр көзөмөлүнүн талаптарына шайкештигин баалоону макулдашкан.

"Бул чечим кыргыз жарандарынын Россия Федерациясынын аймагына кирүүсү үчүн негиздеме алуу зарылчылыгын жокко чыгарууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Тараптар билим берүү жаатында кызматташууну тереңдетүү маанилүү экендигин айтышкан. Буга байланыштуу кыргызстандык студенттердин Россиянын ЖОЖдорунда билим алуусуна акысыз квоталарды көбөйтүү жана "Россиянын мугалими чет өлкөдө" программасы боюнча РФтин мугалимдеринин санын жогорулатуу жөнүндө макулдашылган.

Кечээ Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстан "COVID-19 жок саякатта" санариптик платформага кошулганын билдирген.

29
Тема боюнча
20 жылга кесилет! ИИМдин РФтеги өкүлчүлүгү курьер кызматына жамынгандарга кайрылды