Жапаров Кувейттин башчысы менен сүйлөшүп, авиакаттамдарды жандандырууну кеп кылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУчак аэропортто. Архив
Учак аэропортто. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Жазылуу
Буга чейин Кувейт — Бишкек — Кувейт жана Кувейт — Ош — Кувейт жаңы аба каттамдарын ачуу мөөнөтү жылдырылган.
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кувейт мамлекетинин эмири шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Баарлашуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланган.
"Мамлекет башчылары жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, товар жүгүртүүнү көбөйтүү, эки өлкө ортосундагы ырааттуу авиакаттамдарды жандандыруу, тараптар кызыкдар болгон долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча пикир алмашты", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Кувейт — Бишкек — Кувейт жана Кувейт — Ош — Кувейт жаңы аба каттамдарын ачуу мөөнөтү жылдырылган. Ошондой эле президент кесиптешин Кувейттин алдыдагы улуттук майрамдары менен куттуктаган.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров жана атасы Нуркожо Мустали уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Кучактап, сыймыктанып... Белгилүү саясатчылардын атасы менен түшкөн сүрөттөрү
Андан тышкары, пандемия учурунда Кыргызстан элине Кувейттин кайрымдуулук уюмдарынын көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирген.
Өз кезегинде шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль Сабах Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына расмий киришкендиги менен дагы бир жолу куттуктап, Кувейтке иш сапар менен келип кетүүгө чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0