БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Дарыгерлер адам этибар албаган рактын беш белгисин атады. Бул тууралуу РИА Новости Express басылмасына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, ар бир органда залалдуу шишик пайда болсо, ар кандай белгилерди бериши ыктымал.
Алсак, тамак жутууда кыйынчылык жаралса, ал кызыл өңгөч рагынан кабар бериши ыктымал. Көздүн тегерегиндеги теринин ылдый түшүп калышы өпкөдө залалдуу шишик пайда болгонун божомолдойт. Ал эми адам себепсиз кырылдап, ал кетип жатса, анда кекиртекте рак бар экенин билдириши мүмкүн.
Адистер ичтин көбүшү бир топ убакытка чейин кетпесе, медициналык кароодон өтүүнү сунушташкан. Анткени энелик без рагынын белгиси дал ушундай болушу ыктымал.Мындан сырткары, зааранын түсүнө да маани бере жүрүү керектиги айтылды. Эгер заара каралжын-күрөң түстө чыкса, анда ал уйку бездеги шишиктен кабар берет. Ал эми заара кызыл болуп чыга баштаса, анда бөйрөк же табарсыкты медиктерге көрсөтүп, медициналык текшерүүдөн өтүп коюу сунушталат.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ашказан, ичеги-карын оорулары менен жабыркаган адамдар коронавируска каршы вакцина ала алышат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Москванын Саламаттык сактоо департаментинин штаттан тышкаркы башкы гастроэнтеролог адиси Дмитрий Бординдин айтымында, тамак сиңирүүсү начар бейтаптар SARS-CoV-2ге каршы эмдөөдөн өтө алат.
"Буга чейин ичегиси сезгенип, ашказаны ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу деген маселе коомчулукта кайра-кайра көтөрүлгөн. Январь айында ал боюнча эл аралык сунуштама чыкты, февралда аталган илдет боюнча иш алып барган бүткүл россиялык коом да бир пикирге келди. Ичеги-карыны жакшы иштебегендер коронавируска каршы вакцина алышы керек", — деди Бордин.
Буга чейин адистер эмдөөнүн кыйыр таасири туурасында кеп кылып, анын иммунитеттен көз каранды эместигин айтышкан эле.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. 8-мартка караган түнү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында кар жаайт. Дыйканчылык өрөөндөрдө жаан-чачындын болушу болжолдонгон жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурсы Чүй облусунда +10...+15, Таласта +9...+14, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +12...+17, Ысык-Көлдө +6...+11, Нарын аймагында +4...+9 градус болору айтылды.Синоптиктер Ош жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада термометр +10...+12, ал эми экинчи борбор Ошто +15...+17 градусту көрсөтүп турарын билдиришти.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык жөө күлүктөр Беларустагы эл аралык турнирде эки алтын, бир күмүш, үч коло медаль тагынды. Бул тууралуу КРдин Жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Дагы бир жөө күлүк Калыс Таштанов 1500 метр аралыкта марага биринчи жетип алтын, 800 метр аралыкта үчүнчү келип коло медалды байге куржунуна салган.
Аталган спорттук иш-чарада кыргызстандык спортчулар жалпы эки алтын, бир күмүш жана үч коло медаль алышты.