Чет жакта көз жумган КР жарандарынын сөөгүн алып келүүдө жеңилдик берилет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Документте КРдин чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн туугандарына же жакын адамдарына чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмүн аныктап берүү да жазылган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кыргызстандын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн КРге жеткирүү боюнча" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"КРдин чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо (жеткирүү) тартибин жөнгө салуу, ошондой эле КРдин кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн жеткирүүдө туугандарына же жакын адамдарына мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү максатында Конституциянын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат", — деп жазылат маалыматта.
Өкмөткө берилген тапшырмалар:
  • КРдин чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргызстанга репатриациялоо тартибинин механизмдерин иштеп чыгуу;
  • КРдин чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн туугандарына же жакын адамдарына чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмдөрүн алар чыгарыла турган өлкөнү эске алуу менен аныктоо;
  • КРдин кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн туугандарына же жакын адамдарына көмөк көрсөтүү боюнча, ошондой эле аларга бир жолку төлөм берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Тышкы иштер министрлигин жана анын чет өлкөлүк мекемелерин аныктоо;
  • КРдин Экономика жана финансы министрлигине кайтыш болгон кыргыз жарандарынын сөөгүн репатриациялоо менен байланышкан чыгымдар үчүн финансылык каражаттарды Тышкы иштер министрлигине жана анын чет өлкөлүк мекемелерине өз убагында бөлүүнү тапшыруу.
Мындан сырткары, өкмөткө мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрүү да сунушталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0