Жапаровдун баласысыңбы деп сурашат. Президентке окшош Аскардын маеги

© Sputnik / Жоомарт УраимовМедик Аскар Байдилда
Медик Аскар Байдилда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги президент Садыр Жапаровго куюп койгондой окшош жигит менен маек курду.
Ал — Аскар Байдилда, улуту казак. Кыргызстанга кандайча келип калганы, сүрөтү эмне болуп интернетке тарап кеткендиги тууралуу айтып берди.
— Садыр Жапаровго сүрөттөн эле эмес, жаныңыздан көргөндө да абдан окшош экенсиз.
— Кыргызстанга келип окуй баштаганда эле "Садыр Жапаров деген саясатчы бар, ошол адамга түспөлдөшүп кетет экенсиң" деп окшоштуруп калышчу. Кийин ал президент болгондо көчөдө, коомдук жайларда мени таң калгансып карагандар көбөйдү. Мындай учурда өтө ыңгайсыз болуп, баары жакшы элеби деп өзүмдү карап коём. Чыдабагандар "Жапаровдун баласы же иниси эмессиңби?" деп сурап жиберишет.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАскар Байдилда: өзүм казакстандыкмын. Казакстандын Тараз шаарында төрөлүп-өскөм. Кийин Кыргызстанга медициналык окуу жайга тапшырып, бул жакта окуп калдым. Университетте жүргөндө бирге окугандар белгилүү саясатчыга окшоштурушчу
Медик Аскар Байдилда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Аскар Байдилда: өзүм казакстандыкмын. Казакстандын Тараз шаарында төрөлүп-өскөм. Кийин Кыргызстанга медициналык окуу жайга тапшырып, бул жакта окуп калдым. Университетте жүргөндө бирге окугандар белгилүү саясатчыга окшоштурушчу
— Сизди казак улутунун өкүлү деп уктук. Бишкекке убактылуу келдиңиз беле?
— Ооба, өзүм казакстандыкмын. Казакстандын Тараз шаарында төрөлүп-өскөм. Кийин Кыргызстанга медициналык окуу жайга тапшырып, бул жакта окуп калдым. Университетте жүргөндө бирге окугандар белгилүү саясатчыга окшоштурушчу. Өзүм саясат менен деле ишим жок, эч кимди тааныбайм, этибар деле алган эмесмин. Андан кийин ал киши тууралуу интернеттен окуп билип, тааныгам.
Бир ирет паркта эс алып жүрсөм улуураак бир байке мени көзүн албай карады. Ары өтүп, бери өтүп карап жатканын сездим. Бир маалда жаныма басып келип "Ай балам, сен Садыр Жапаровдун баласы же туугандары эмессиңби" деп сурады. "Жок" десем, "аябай окшош экенсиң" деп кеткен эле.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2021
Зыңкыйышат! Таанылгыс болуп өзгөргөн саясатчылардын армиядагы сүрөттөрү
— Сиз тууралуу дагы кененирээк билгибиз келип жатат. Эмнеге Бишкектеги медициналык окуу жайды тандап алганыңыз да кызык.
— Медициналык академияга менден мурда Асель аттуу бир тууган карындашым тапшырган. Кийин ал бул жакта калып, кыргыздын келини болду. Бир күнү мага да бул окуу жайды мактап, сунуштап калды. Ошону менен маңдайга жазган тагдыр экен, Бишкекке келип, окуу жайга тапшырып өтүп кеттим. Кыргызстанга ага чейин келип көргөн эмесмин. Башында окуудан кыйынчылыктар жаралды. Бирок жакшы адамдар менен достошуп көнүп кеттим.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАскар Байдилда: кыргыз медициналык академиясында алты жыл билим алдым. Андан кийин Казакстанга барып ал жактан практикадан өтүп, ортопедиялык борбордо иштедим
Медик Аскар Байдилда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Аскар Байдилда: кыргыз медициналык академиясында алты жыл билим алдым. Андан кийин Казакстанга барып ал жактан практикадан өтүп, ортопедиялык борбордо иштедим
— Казакстанга кайра кетесизби?
— Кыргыз медициналык академиясында алты жыл билим алдым. Андан кийин Казакстанга барып ал жактан практикадан өтүп, ортопедиялык борбордо иштедим. Кийин Бишкекке кайра келип, учурда балдарды укалайм. Негизи кесибим боюнча невропатологмун. Бирок ортопедиялык борбордо иштеп калгандыктан, укалоо жагына ооп кеттим. Кесибим өзүмө жагат. Бишкекте балдар үчүн ортопедиялык борборлор аз. Ошол себептен бул жакка медициналык борбор ачып иштетсем деген пландарым бар.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров жана атасы Нуркожо Мустали уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2021
Кучактап, сыймыктанып... Белгилүү саясатчылардын атасы менен түшкөн сүрөттөрү
— Азыр ооруканада иштейсизби?
— Жок, чакыруулар менен үйлөрүнө барып укалайм. Тек гана балдарга эмес чоңдорго да диагнозуна жараша массаж жасап, дарылайбыз.
— Жапаровдун сүрөтү менен кошо жасалган коллаж эки күндөн бери соцтармактарда жайылып, колдонуучуларды таң калтырууда. Аны өзүңүз жасадыңыз беле?
— Жок, элдин баары окшоштурганынан коллаж сүрөттү карындашым жасап коюптур. Анан соцтармактагы активдүү колдонуучу деген бир кызга жибериптир. Ал биздин сүрөттү Instagram баракчасына жарыялап, ошондон жайылып кетти. Сүрөттү биринчи айым да көрүп, мени президентке окшоштурду деп уктум.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАскар Байдилда: Садыр Жапаровдун өзүнө жолугуп, аны менен сүрөткө түшүп, баарлашкым келет. Эгер мындай мүмкүнчүлүк түзүлсө абдан кубанычта болмокмун
Медик Аскар Байдилда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Аскар Байдилда: Садыр Жапаровдун өзүнө жолугуп, аны менен сүрөткө түшүп, баарлашкым келет. Эгер мындай мүмкүнчүлүк түзүлсө абдан кубанычта болмокмун
— Жапаров да соцтармактын активдүү колдонуучусу эмеспи. Сүрөттү көрсө керек.
— Балким. Садыр Жапаровдун өзүнө жолугуп, аны менен сүрөткө түшүп, баарлашкым келет. Эгер мындай мүмкүнчүлүк түзүлсө абдан кубанычта болмокмун.
— Сүрөтүңүз интернетке тарай баштаганда жазып, чалгандар да көбөйсө керек.
— Ооба. Баары эле "президентке куюп койгондой окшош экенсиз" деп жазып жатышат.
— Жеке жашооңуз да азыр көпчүлүккө кызык.
— 28 жаштамын. Ата-энем өмүр бою Казакстанда мамлекеттик кызматта иштешкен. Азыр ардактуу эс алууда. Үйлөнгөнүмө бир жыл болду. Келинчегим казак, азыр Бишкекте турабыз.
Баса, Садыр Жапаровдун улуу баласы да быйыл 28ге чыкмак экен. Ата-энем да ушул адамдар курактуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0