Дем алыш күндөрү Бишкектин үч районунда жарманке өтөт. Азык-түлүктөрдүн баасы

© Sputnik / Табылды КадырбековПродажа мяса на Ортосайском рынке Бишкека
Продажа мяса на Ортосайском рынке Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Айыл чарба министрлиги тарабынан өткөрүлүп жаткан жарманке бул ирет калаанын үч районунда болот. Анда азык-түлүктөр базар баасынан арзан сатылат.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жуманын дем алыш күндөрү Бишкек шаарынын үч районунда азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги маалымдады.
Азык-түлүк жарманкеси өтүүчү даректер:
Октябрь району
  • 12-кичирайон, Токомбаев менен Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
Биринчи май району
  • Раззаков көчөсүнүн Киев жана Токтогул менен кесилишкен аймагында;
Свердлов району
  • Төрөкул Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.
Баалар төмөндөгүдөй болот:
  • Уй эти — 309-405 сом;
  • Жылкы эти — 380-390 сом;
  • Кой эти — 410 сом;
  • Тоок эти — 190-200 сом;
  • Суу май — 118-125 сом;
  • Жумуртка 10 даана — 85-90 сом;
  • Үй жумурткасы 10 даана - 90-100 сом;
  • Кумшекер - 56-57 сом;
  • Күрүч - 55-60 сом;
  • Алма - 30-50 сом;
  • Сабиз - 12-15 сом;
  • Картошка - 22-30 сом;
  • Пияз - 15-16 сом.
Жарманкеге ондогон ата мекендик өндүрүшчүлөр жана фермерлер атайын тизме менен азык-түлүктөрүн алып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0