БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусунун сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартиби бекитилди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесине таянуу менен кол койгон.Ага ылайык, мектептердин аймагында жер тилкеси жана тийиштүү материалдык-техникалык базасы болгон учурда мектеп алдындагы чарбаны түзүүгө укуктуу болот. Эгер жер-жемиш өстүрүүгө жери болбосо мектеп директору жергиликтүү бийлик органына жер тилкесин берүү тууралуу арызы менен кайрыла алат.
"Мектеп алдындагы чарбалардын болушу окуучуларга айыл чарба продукциясын өндүрүүгө жана кайра иштетүүгө жол ачат. Ошондой эле мектептерге азык-түлүк ассортиментин кеңейтүү, аяр катмардагы балдардын тамактануусун колдоого алуу, санитардык-гигиеналык шарттарды жана мектеп инфраструктурасын жакшыртуу үчүн кошумча киреше булактарын түзүүгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта.
Учурда республиканын 1 485 мектебинде 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамактандыруу уюштурулганы белгиленет.
Өкмөттүн билдиришинче, өлкө боюнча мектеп тамактандыруусун уюштурууга жылына бир окуучуга 7-10 сомдон эсептегенде, болжол менен 500 миллион сом бөлүнөт. Бирок бул каражат окуучулардын тамактануу рационун жетиштүү деңгээлде уюштуруу жана витаминдештирүүгө мүмкүндүк бербейт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.
Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Айзада Канатбекова киши колдуу болгон жердин сүрөтүн жарыялаган үч милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөт, анын ичинде кылмыш катталган жерге ташталган медициналык кол каптар боюнча фактынын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн башкы максаты милдетин так аткарбай, көңүл кош мамиле жасаган кызматкерлерди жоопко тартуу болгон.
5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап, Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.
Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн натыйжасында Бишкек ШИИБдин жана Биринчи май райондук милициясынын начальниктери баш болгон бир катар жетекчилер кызматтан алынган.