УКМК Шадиевди кармоого жардам сурап АКШга кайрылды

© Фото / пресс-служба ЖКМурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев. Архив
Мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Шадиевге карата бир нече берене менен кылмыш иши козголуп, сыртынан 13 жылга эркинен ажыратылган. Учурда ал АКШда экендиги айтылып келет.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. УКМК мурдагы биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевди кармоого жардам сурап АКШ элчилигине кайрылды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту Шадиевге карата сыртынан өкүм окуп, аны 13 жылга эркинен ажыраткан.
Ага карата 2018-жылы "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча үч кылмыш иши козголгон.
Марипов качып кеткен Шадиевдин өкүл баласы экенин мойнуна алды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.02.2021
Марипов качып кеткен Шадиевдин өкүл баласы экенин мойнуна алды. Видео
Аскарбек Шадиев 2018-жылдын 6-апрелинде кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Анын жумуштан кетүүсүнө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров алып алды делген 2 миллион сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болгон.
Ал эми 2018-жылдын июнь айында УКМК Шадиевдин Баткен облусуна тууганын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышканы барып, андан ары чек арадан мыйзамсыз өтүп кеткенин билдирген. Депутат дипломаттык паспортун пайдалануу менен Худжант — Москва каттамы менен учуп, андан соң АКШнын Нью-Йорк шаарына бет алганы белгилүү болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0