"Коопсуз шаар" айдоочуларга 2,2 млн. жолу айып салды. Ага нараазы болгондор да бар

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКККББ мониторинг борборунун кызматкери. Архив
ЖКККББ мониторинг борборунун кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Жазылуу
Төлөнгөн айыптардын эсебинен камераларды орноткон "Вега" компаниясына 435 миллион сом берилет, калганы бюджетке которулат.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден бери 2 миллион 163 миң 576 айып салынды. Бул туурасында Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов парламенттин жыйынында билдирди.
Презентация цифровизированного командного центра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2020
"Коопсуз шаар" II долбоорун үзгүлтүккө учураткан кытайлык компания айып төлөдү
Ал эми Жол кыйымылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) жетекчиси Азамат Исраилов почта кызматкерлери 576 266 айып кагаздын ээсин таба албай ЖКККББга кайтарганын белгиледи.
"Мындан улам артка кайтарылган 323 590 айып кагаздын ээсин өзүбүз таап төлөттүк. Күч колдонуп төлөтүү үчүн сот аткаруучуларга 30 003 иш жиберилген. Ал эми айып пул төлөөгө макул болбой 161 айдоочу кайрылган. Алардын иши учурда каралып жатат", — деди Исраилов.
Ошондой эле ал төлөнгөн айыптардын эсебинен камераларды орноткон "Вега" компаниясына 435 миллион сом берилерин, калганы бюджетке которуларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоору 2019-жылдын 4-мартында ишке киргизилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0