Буга чейин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстанда мектеп директорлорун ректорлор сыяктуу эле беш жылга шайлоо механизмин киргизүү боюнча эксперттик топ иштеп жатканын айткан.
Билим уясын жетектей турган адамды кандай жол менен тандашары азырынча белгисиз. Министр буга чейин мектеп директорлору боюнча көптөгөн суроолор келип жатканын айткан.
"Өлкөдө жашы 70-80ге таяп калган жүздөгөн директор бар. Кээ бирлери ондогон жылдардан бери иштеп, өз каалоосу менен креслосун тапшыргылары келбейт. Себеби бул мамлекеттик кызмат катары эсептелбегендиктен чектөө жок. Коррупциялык схемалар бар, жаңылануу жок. Ошол эле учурда алардын арасында мыкты иштеп жаткандары дагы бар", — деди Бейшеналиев.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бишкек шаарындагы мектеп жетекчилеринин тизмесин Шаардык билим берүү башкармалыгынан алып, буга чейин даярдалган макала менен ачык булактарда жазылган маалыматтарды кошуп таблица түздү.
Анда мектеп жетекчилеринин жаш курагы, канча жылдан бери билим берүү мекемесин башкарып келе жаткандыгы тууралуу жазылган.
Мектепти азыр башкарып жаткан жетекчилердин арасында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, БШК мүчөсү, Бишкектин мурдагы вице-мэри жана башка муниципалитеттин аткаминерлери бар.
Бир эле билим берүү жайын 20 жылдан ашык башкарып келе жаткан жетекчилердин катарында №7 мектептин директору Чолпон Бердалиев, №10 мектептин директору Кулжан Үмөталиева, №20 окуу-тарбия комплексин башкарган Чолпон Кудайбергенова, №23 мектеп-гимназиясынын директору Андрей Ситоленко, №27 орто мектебинин жетекчиси Бермет Носинова, №31 мектеп-гимназиясынын жетекчиси Тажыбүбү Өмүрзакова, №34 жардамчы мектебин башкарган Гүлизат Карасартова, №51 орто мектебин жетектеген Суусар Мураталиева бар.
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, директорлорду дайындоо боюнча азыркы механизм коррупциялык тобокелчиликке алып келет.
"Билим берүү деңгээлин жогорулатуу үчүн ар бир мектепке компетенттүү директор керек. Азыр мектеп жетекчилерин дайындоо иштери менен билим берүү бөлүмдөрү иш алып барат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 2014-жылдан бери мектеп жетекчилери келишимди узартуу мүмкүнчүлүгү менен 5 жылга дайындалышат. Көпчүлүк директорлор 2014-жылга чейин шашылыш эмес келишимдерди түзүшкөн. Ошол себептен билим берүү башкармалыктары жана райондук бөлүмдөр алар менен келишимдерди токтотуп кое алышпайт. Азыр биз директорлор жетекчилик кызматка келиши үчүн тесттен өткүдөй жобону иштеп жатабыз. Мектеп жетекчилеринин жаш курагы жана иштөө мөөнөтү боюнча дискриминацияга каршыбыз. Бирок коррупциялык тобокелчиликти жокко чыгарган так механизмди киргизүүгө убакыт келди", — деди Жусупбекова.
Ал мектеп директорлорун баалоо критерийлери менен жумушка алуу же иштен кетирүү боюнча жаңы механизм быйылкы окуу жылында ишке кирет деген ишеничин кошумчалады.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.