Жаңы автоунаа сатып алууда айдоочулар беш нерсени эске алышы керек

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАвтосалонда киши. Архив
Автосалонда киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Автоунаа чыгарган компания жана заводдор менен келишими жок иштеген сатуучулар жоопкерчилик албай турганы эскертилди.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Айдоочулар жаңы автоунаа сатып алууда беш нерсени эске алышы керектигин РИА Новости жазды.
Адистердин айтымында, биринчи кезекте унаа чыгарган компания жана заводдор менен келишими жок иштеген сатуучулардан (дилер) качуу керек. Себеби кийин көйгөйлөр болсо аларды жоопкерчиликке тартууга мүмкүн эмес.
Сатуучу автоунаасын көрсөтүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Мурда айдалган автоунааны сатып аларда кантип текшерүү керектиги айтылды
Экинчиден, компанияда токтоп турган жаңы унаалардан албай эле, өзүңүздүн атыңызга буюртма кылып күтө турган оң. Себеби ашыкча эле опцияларга каражат кетиши мүмкүн.
Документтерди толтурууда майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурууга чакырды.
Ошондой эле адистер автоунаанын баасы, алып кетүү убактысы жана дилердин жоопкерчилиги тууралуу кенен маалымат алууга кеңеш берген.
Мындан тышкары, автокөлүктү сатып алууда арзандатуулар тууралуу сурап, машинанын алды-артын кылдат текшерүүнү эскертишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0