БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кувейттин эмири шейх Наваф аль-Ахмад аль-Жабер аль Сабахты мамлекеттин улуттук күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
"Кыргызстан менен Кувейт мамлекетинин ортосундагы достукка, өз ара колдоого жана ишенимге негизделген мамилелерди эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары жогорку даражага алып чыгуу максатында биргелешип иш алып барууга чын дилимден даярдыгымды билдирем", — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Садыр Жапаров Наваф аль-Ахмад аль-Жабер аль Сабахка бекем ден соолук жана жоопкерчиликтүү ишине албан ийгиликтерди, ал эми Кувейт элине тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер менен маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик шаардын Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган.
Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Бишкек баатыр касиеттүү адамдардан болгондугун айтып өттү.
"Бүгүнкү күндө Бишкек Кенен уулу жашап өткөн доорго кызыгуу тереңдеп, тарыхчы-окумуштууларыбыз, жазуучуларыбыз анын өмүр таржымалын ийне-жибине чейин тактаганга аракет кылып жатышат. Көркөм чыгармалар, катар-катар илимий иликтөөлөр жазылууда", — деди Жапаров.
Өлкө башчысы ошондой эле шаардагы тарыхый эстеликтерге аяр, камкор мамиле жасалышы керектигин белгилеп кетти.
Бишкек баатырдын эстелигине 2019-жылы шаар бийлиги тарабынан сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон.Баатырдын айкелин коюу боюнча иштер өткөн жылдын июнь айында башталып, ачылышы 31-август — Кыргызстандын эгемендик күнүнө паландалган. Бирок пандемиядан улам курулуш иштери өз убагында бүтпөй калган болчу.
Эстеликти орнотууга 8 миллион сомдон ашык акча жумшалган. Бул каражатты "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси марафондо чогулткан.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Юстиция министрлиги автоунааларды кайра каттоодо жыйымдарды алып салуу боюнча июнь айынан декабрга чейин улуттук кампания жүргүзүүнү сунуштады.
Транспортту биринчи жолу каттоодо алынуучу жыйым бекитилген торчо менен 5 пайыз, ал эми кайра каттоодо 0,3 пайыздык көрсөткүчтү түзөт.
Юстиция министрлиги тарабынан иштелип чыккан токтом долбоорунда жазылгандай, президенттин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык, өкмөткө транспорт каражаттарын кайра каттоо жыйымдары алып салуу сунушталган.
Мындан улам министрлик пандемиядан жаралган каатчылыктан улам азырынча укуктук актыларды кабыл албай кое турууну белгилеген. Ошол себептен автоунааны кайра каттаткандардан 1-июндан 31-декабрга чейин гана акча албай туруу сунушталууда.
Маселен, 2009-жылы чыккан же андан да эски автоунааны кайра каттоо үчүн кыймылдаткычынын көлөмү 2000 куб метр болсо, унаа ээси 300 сом төлөйт. Ал эми 2010-2011-жылдары чыккан, кыймылдаткычынын көлөмү 3000 куб метр болгон автоунаага ээси 750 сомду төгөт.