Кыргызстанда орус тилдүү 44 мектеп-интернатын куруу пландалууда

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүОкуучулар мектептеги сабак учурунда. Архив
Окуучулар мектептеги сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Билим берүү мекемелеринин курулуш иштери Россиянын колдоосу менен ишке ашат. Балдарды окутуу үчүн россиялык педагогдор тартылары айтылды.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймактарына орус тилдүү 44 мектеп-интернатын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Ал бул нерсе Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын алкагында макулдашылганын айтты.
"Билим берүү мекемелеринин курулуш иштери Россиянын колдоосу менен ишке ашат. Мектеп-интернаттарына россиялык педагогдор тартылат", — деди ал.
Кыргызстандын жети облусунда 40 район бар.
Жаңылыктар түрмөгү
0