Сатса бир үй келет. Депутаттар тагынган сааттын баасы жана сүрөттөрү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты колунда сааты менен. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты колунда сааты менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
"Жогорку Кеңештин айрым депутаттары колуна бир үйдүн баасына тете саат тагынат" десе ишенесизби? Sputnik Кыргызстан депутаттыкына окшош сааттарды интернет дүкөнүнөн карап, болжолдуу наркын биле алды.
Убакытты көрсөтүү милдетин аткарган буюмду эки миллион сомго сатып алган депутаттар бар. Эң арзан дегени 10 миң сом болот. Мындай баалар саат чыгаруучу компаниялардын расмий сайтында жана интернет дүкөндөрдө жазылып турат.
Депутат Марлен Маматалиев тагынган саат NEO BRIDGES брендиндеги сааттарга окшош. Анын баасы 26 500 доллар же 2,2 миллион сом турат. Мынча акчага Бишкектин четинен турак жай алса болорун белгилей кетүү керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Марлен Маматалиев тагынган саат NEO BRIDGES брендиндеги сааттарга окшош
Жогоку Кеңеш депутаттардын сааттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Депутат Марлен Маматалиев тагынган саат NEO BRIDGES брендиндеги сааттарга окшош
Жакында эле депутаттык мандатын тапшырып кеткен Искендер Гайпкуловдун сааты Rolex Yacht-Master II үлгүсүнө окшоп турат. Мындай буюмдун орточо баасы 21 000 доллар экени көрсөтүлөт. Эгер улуттук валютага которсо 1 миллион 776 миң сом болот экен. Гайпкулов учурда президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖакында эле депутаттык мандатын тапшырып кеткен Искендер Гайпкуловдун сааты Rolex Yacht-Master II үлгүсүнө окшоп турат
Жогоку Кеңеш депутаттардын сааттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жакында эле депутаттык мандатын тапшырып кеткен Искендер Гайпкуловдун сааты Rolex Yacht-Master II үлгүсүнө окшоп турат
Депутат Аккулу Бердиевдин колундагы сааттын үлгүсү Hublot Big Bang Aero Bang Steel. Дал ушуга окшош саатты 18 700 долларга сатып алса болот. Эгер улуттук валюта менен эсептешсеңиз 1,5 миллион сомго жетет.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Аккулу Бердиевдин колундагы сааттын үлгүсү Hublot Big Bang Aero Bang Steel
Жогоку Кеңеш депутаттардын сааттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Депутат Аккулу Бердиевдин колундагы сааттын үлгүсү Hublot Big Bang Aero Bang Steel
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун колундагы саат HublotCLASSIC FUSION үлгүсүнө окшош. Мындай сааттын баасы 12 000 доллар же 1 миллион сом.
© Sputnik / Табылды КадырбековКСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун колундагы саат HublotCLASSIC FUSION үлгүсүнө окшош
Жогоку Кеңеш депутаттардын сааттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун колундагы саат HublotCLASSIC FUSION үлгүсүнө окшош
Депутат Бакирдин Субанбековдун сааты Ulysse Nardin Dual Time. Мындай үлгүдөгү сааттар интернет дүкөндөрүндө 5 840 доллардан (490 миң сом) сатылат.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Бакирдин Субанбековдун сааты Ulysse Nardin Dual Time
Жогоку Кеңеш депутаттардын сааттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Депутат Бакирдин Субанбековдун сааты Ulysse Nardin Dual Time
Эл өкүлү Төрөбай Зулпукаровдун сааты Raymond Weil Freelancer брендинде. Буга окшогон сааттын баасы 1 569 доллар (132 миң сом) турат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭл өкүлү Төрөбай Зулпукаровдун сааты Raymond Weil Freelancer брендинде
Жогоку Кеңеш депутаттардын сааттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Эл өкүлү Төрөбай Зулпукаровдун сааты Raymond Weil Freelancer брендинде
Жаш депутаттардын бири Урмат Самаевдин сааты Maurice Lacroix Pontos Rectangulaire Automatic деп аталат. Буга окшош саатты 947 долларга (80 миң сом) алса болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаш депутаттардын бири Урмат Самаевдин сааты Maurice Lacroix Pontos Rectangulaire Automatic деп аталат
Жогоку Кеңеш депутаттардын сааттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жаш депутаттардын бири Урмат Самаевдин сааты Maurice Lacroix Pontos Rectangulaire Automatic деп аталат
Депутат Тазабек Икрамовдун колундагы сааты Hamilton Khaki Navy үлгүсүнө окшош. Мындай саатты алууну каалагандардын чөнтөгүндө 880 доллары (74 миң сом) болушу керек.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Тазабек Икрамовдун колундагы сааты Hamilton Khaki Navy үлгүсүнө окшош
Жогоку Кеңеш депутаттардын сааттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Депутат Тазабек Икрамовдун колундагы сааты Hamilton Khaki Navy үлгүсүнө окшош
Аз күн мурда эле вице-спикерликтен кеткен депутат Мирлан Бакиров Festina Sport деген саат тагынат. Анын наркы 135 доллар (11 400 сом) болууда.
© Sputnik / Табылды КадырбековАз күн мурда эле вице-спикерликтен кеткен депутат Мирлан Бакиров Festina Sport деген саат тагынат
Жогоку Кеңеш депутаттардын сааттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Аз күн мурда эле вице-спикерликтен кеткен депутат Мирлан Бакиров Festina Sport деген саат тагынат
Депутат Асел Кодуранованын Michael Kors Parker MK6424 үлгүсүндөгү сааты эң арзан деп табылды. Ушул сыяктуу сааттарды 122 долларга (10 300 сом) алса болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Асел Кодуранованын Michael Kors Parker MK6424 үлгүсүндөгү сааты эң арзан деп табылды
Жогоку Кеңеш депутаттардын сааттары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Депутат Асел Кодуранованын Michael Kors Parker MK6424 үлгүсүндөгү сааты эң арзан деп табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0