Бильярдчы Каныбек Сагынбаев Бишкектеги спорт мектебине директор болду

© пресс-служба мэрии города БишкекКыргызстандык атактуу бильярдчы Каныбек Сагынбаев (оңдо)
Кыргызстандык атактуу бильярдчы Каныбек Сагынбаев (оңдо) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Жазылуу
Кий чебери үч жолку дүйнө чемпиону болуп саналат. Жаңы директор адистештирилген мектептин жамаатына тааныштырылды.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кыргызстандык атактуу бильярдчы Каныбек Сагынбаев эркин, грек-рим күрөшү, бильярд жана велоспорт боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр мектебин жетектейт. Мэриянын маалымат кызматы жаңы директор жамаатка тааныштырылганын кабарлады.
Мектеп Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын карамагына кирет.
Жыйындагы аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2021
Алмаз Акматов Эсептөө палатасына аудитор болуп дайындалды
35 жаштагы Сагынбаев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери болуп саналат. 2007-жылы, 2010 жана 2014-жылы дүйнө чемпионатын жеңип алган. Мындан сырткары, бир катар эл аралык ири мелдештердин жеңүүчүсү.
Адистештирилген мектептин директору кызматын буга чейин Айша Карымшакова аркалап келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0