Эртең мененки тамак. Архив

Эртең мененкисин туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керек

Адис салмак таштайм дегендерге да кеңеш берип, аларды калориялуу тамактарды такыр эле жебей койбошу керектигин айткан.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Диетолог Рейчел Пол эртең менен туура тамактанам дегендер эмнелерди жеши керектигин айтып бергенин Р-Спорт жазды.

Адистин айтымында, эртең мененки тамакта колдон келсе белокко жана майга бай жумуртка, авокадо, Омега-3 май кислотасына бай лосось болушу керек.

Ал эми түштөнүү менен кечки тамактын жарымы жашылча менен көк чөптөн турушу зарыл. Шам-шум эте калганда жаңгак, семичке чагып, быштак же грек йогуртун жесе болот.

Диетолог кошумчалагандай, арыктайм дегендер калориялуу тамактардын бардыгынан баш тартып, кээ бир тамактарды такыр жебей койбошу керек. Мындай ыкма психологиялык көйгөйлөргө алып келип, адамды кайра толдуртат. Ошондуктан салмак таштоонун башында калорияны аз-аздап кыскартуу керек.

Белгилер:
жумуртка, арыктоо, тамактануу, диетолог
Тема боюнча
Адис уктаар алдында тамактануунун зыяны жөнүндөгү сөздү жокко чыгарды
Аманова: бизде коомчулук туура тамактануу дегенди башкача түшүнөт
Уу коргошун

Министр: уу коргошунду туура эмес ичкен адам беш мүнөткө жетпей өлөт

(жаңыланган 14:44 16.04.2021)
Бейшеналиев коронавирусту дарылоого уу коргошундун колдонулуп жатканын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билбей турганын белгиледи.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Уу коргошунду дарыгердин жанында, кайнак бойдон гана ичиш керек. Аны муздак кылып ичсе, адам беш мүнөткө жетпей өлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев брифинг учурунда айтты.

Белгилей кетсек, аталган чөптүн кайнатмасы клиникалык сыноодон жана каттоодон өтө элек.

"Бул уу коргошунду ичерде дозасын жакшылап санаш керек. Анын дозасын мен да жакшы билбей эки күндүн биринде Садыр Жапаровго чалып сурап жатам. Уу коргошунду кайнак түрүндө гана ичүү шарт. Эгер аны муздак бойдон ичсе же артынан муздак суу колдонсо, адам беш мүнөткө жетпей өлөт. Уу коргошундун артынан балмуздак жеп, муздак сууга түшпөш керек. Аны ичкенден кийин жылуу жатуу зарыл", — деди министр.

Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып коронавирусту дарылоого уу коргошундун колдонулуп жатканын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билбей турганын белгиледи.

"Силер жаңы эле угуп жатсаңар, алар (ДССУ) кайдан билмек эле?" — деди Бейшеналиев.

Министр аталган чөптүн кайнатмасы өлкөнүн бардык аймактарына берилип жатканын айтып, аны үй шартында колдонбоону сунуштады.

"Айрымдар "кызыма да берейин" деп сурап жатышат. Бирок муну дарыгердин көз алдында гана ичүү шарт. Бейтаптар кайнатманы сураганда аларга дарыгерди кошо жиберип жатабыз. Медиктер кандай кылып ичүү керектигин көрсөтүп беришет", — деди министр.

Бейшеналиев уу коргошун менен азыр коронавирус менен ооругандарды гана дарылап жатканын айтып, ал вирусту алдын алар-албасын билбей турганын белгиледи.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, министр, коргошун, уу, коронавирус, Алымкадыр Бейшеналиев
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Барыктабасова: "Ысык-Көл тамыры" элдин саламаттыгын коркунучка кептейт
Министр: былтыр ооругандар кайра вирус жуктуруп алууда, вакцина алгыла
Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун имараты. Архив

ДССУ коронавирусту айыктырат делген уу коргошун боюнча үн катты

(жаңыланган 14:40 16.04.2021)
Эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоо туура эмес экенин айтты.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө коронавирусту айыктыруу үчүн Aconítum soongáricum (Ысык-Көл тамыры, уу коргошун) колдонулуп жатат деген маалымат боюнча үн катты.

"Дүйнө жүзүндө клиникалык изилдөөлөр дары-дармектерди өндүрүүнүн эң маанилүү баскычы болуп саналат. Анын негизинде каттоодон өтүп, медициналык жактан колдонууга берилет. Клиникалык сыноолордо препараттын натыйжасы жана коопсуздугу аныкталат. Ушул маалыматтардын негизинде саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы дары-дармектерди каттоодон өткөрүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат", — деп айтылат билдирүүдө.

ДССУ клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоого болбой турганын белгиледи.

"Учурда ДССУнун уу коргошун коронавирустан айыктырат деген маалыматы жок. Анын фармакологиялык касиеттерин билүү үчүн эл аралык стандарттарга ылайык изилдөө жүргүзүү керек. Коронавируска чалдыккандар өз алдынча дарыланбастан, ооруканаларга кайрылышы зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Эл аралык уюм мурдагыдай эле аралыкты сактап, маска тагынып, дезинфекциялык каражаттарды колдонуп, ден соолукка кам көрүүнү сунуштады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан.

Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Бүгүн саламаттык сактоо министри уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, билдирүү, коронавирус, коргошун, уу, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Адамзат коронавирустун жеткен чегинде турат. ДССУ ааламдагы абал тууралуу
Министр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичти. Видео
Министр Бейшеналиев: уу коргошун менен 300дөй кишини дарыладык