БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Баткен облусундагы дыйкан, фермер, багбандар жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү каалаган өндүрүшчүлөргө жеңилдетилген насыялар бериле баштады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
Арзан насыялар айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө, айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында "Айыл чарбасын каржылоо-9" долбоорунун алкагында берилет.
"Алты жана он пайыздык насыялар дыйканчылыкка, мал чарбасына, багбанчылык жана кайра иштетүүгө, ишкердик субъектилерин каржылоого, лизингге техника алууга берилет. Аймактын климаттык шартына ыңгайлуу, мисалы, суу таңкыс аймактарда тамчылатып сугаруу боюнча сунуштар колдоого алынат жана органикалык айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө артыкчылыктар берилет", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 2020-жыл ичинде облус боюнча "Айыл Банк", "РСК Банк" тарабынан 914 ишкер мамлекеттен 432 миллион 50 миң сом жеңилдетилген насыя алышкан.
Ошондой эле 20 ишкер мамлекеттен лизингге техника алса, 10 ишкер кайра иштетүү багытында насыя алып, чакан ишкерлик баштаган.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Учурда адамзат коронавирустун жеткен чегинде турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) техникалык жетекчиси Мария Ван Керхове билдирди. Анын сүйлөгөнү Twitter тармагына жүктөлдү.
"Учурда биз пандемиянын оор мезгилин баштан кечирип турабыз. Эпидемиялык сызык өйдө көтөрүлүп баратат. Жети жумадан бери COVID-19дун өскөнү байкалууда. Өткөн жуманын ичинде 4,4 миллиондон ашык адамда оору аныкталган. Бул биз көздөгөн багыт эмес, ошондуктан ага олуттуу карашыбыз керек", — деген Керхове.
Ошол эле учурда ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус инфекциясын жуктургандар жети жумадан бери, андан көз жумгандар төрт аптадан бери көбөйүп жатканын айткан. Ушул жылдын январь жана февраль айларында оорулуулар азайып калганын белгилеген.
Акыркы антирекорд Индияда коюлганын, сутка ичинде 170 миң кишиден вирус чыкканын айткан.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө 136 миллиондон ашуун кишиден вирус чыгып, 2,9 миллион адам көз жумду. Оору көп аныкталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Индия жана Бразилия турат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада Бишкек баатырдын эстелиги ачылып, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров эстеликтин тургузулушу шаар тарыхында маанилүү окуя экенине токтолуп, Бишкек баатыр тууралуу айта кетти.
"Кыргыздын солто уруусунан чыккан Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон. Оозеки жана документалдык булактарга караганда, Бишкек баатырдын сөөгү жашырылган жер "Пишпек-Ата коргону" аталып, ал жер калайык-калк сыйынган ыйык жайга айланган. Тегерегине акырындап эл уюп, отурукташкан журт байырлап, процесс токтобой уланып отуруп, акыры чоң шаар калыптанды", — деди президент.
Өлкө башчы кыргыз эли душмандар менен катуу салгылашып турган XVII–XVIII кылымдарда Бишкек баатыр эрдиги менен таанылганын кошумчалады.
Сөзүнүн аягында ал борбор калаанын көркүн арттыруу үчүн бүгүн көптөгөн иш-аракеттер жүрүп жатканын, шаар жасалгасы дагы бир эстелик менен толукталганын белгиледи.