Россиянын агартуу министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

© Фото / Пресс-служба Совета Федерации РФ / Медиабанкка өтүүЗаседание Совета Федерации РФ
Заседание Совета Федерации РФ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Бейшеналиев кыргыз-орус мамилелери тез өнүгүп жатканын баса белгилеп, Кравцовду КРге келип кетүүгө чакырган.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Россиянын агартуу министри иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 
Кечээ, 26-февралда, Өлкөнүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов видео байланыш аркылуу сүйлөшкөн. 
“Эки министрдин сүйлөшүүсү жылуу жана достук маанайда өттү. Анда Кыргызстандын аймагында мектептердин курулушу жана эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгы тууралуу сөз болду”, — деп айтылат маалыматта.
Соңунда Бейшеналиев тараптардын биргелешкен аракеттеринин аркасы менен билим берүү жаатында кыргыз-орус мамилелери тез өнүгүп жатканын баса белгилеп, Кравцовду КРге расмий иш сапары менен келүүгө чакырды. Ал сунушту кубануу менен кабыл алганы айтылат. Россиялык министрдин иш сапары март айына пландалууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0