Бишкек — Кара-Балта жолунун айрым бөлүгү жабылат. Айдоочулар үчүн жаңы схема

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүАвтомобильные пробки на Новорижском шоссе
Автомобильные пробки на Новорижском шоссе - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Учурда автоунаа базары жайгашкан тилкеде оңдоо иштери жүрүп жатат. Унаалар айланма жол аркылуу өтө алат.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун айрым бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкектин четиндеги автоунаа базары жайгашкан тилкеде оңдоо иштери жүрүп жатат. Мындан улам Бишкек — Ош жана Кара-Балта багыты боюнча жолго чыккан айдоочуларга айланып өтүүчү жолдун схемасы сунушталат. Тагыраак айтканда, айланма жол аркылуу өтсө болорун эскертет.
Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкциялоо төрт жыл мурун башталган. Асфальт төшөө иштери ушул жылдын июнь айында, ал эми толугу менен ноябрда бүтөрү күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0