Помидор сатуу. Архивдик сүрөт

Жашылчаны кайсы ооруга кабылгандар чийки жегенге болбойт. Адистин кеңеши

Диетолог бардык жашылчалардын бышырылганына караганда чийкиси алда канча пайдалуу деген пикирлерди четке кагып, ага өзүнүн жүйөсүн келтирген.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Адистер кайсы ооруга кабылгандарга жашылчаларды чийкилей жегенге болбой тургандыгын айтып бергенин РИА Новости жазды.

"Ашказан-ичеги ооруларына тушугуп, жарасы болгондор же эрозияга кабылгандар илдет күчөп турган учурда жашылчаларды чийки жегенге болбойт. Анын ордуна бууга же сууга бышырылганы алда канча коопсузураак", — деген россиялык терапевт-дарыгер жана диетолог Екатерина Бурляева.

Диетолог мындан сырткары бышырылганына караганда аталган азыктардын чийкиси алда канча пайдалуу деген пикирлерди четке каккан.

"Маселен, капустада С витамини абдан көп. Аны ысыкка салганда бузулат, бирок чийки жегенде ичти көбүрөөк көптүрөт. Андыктан бышырылган түрү ыңгайлуу", — деген Бурляева.

Дарыгер сөз кылып жаткан бир катар азыктар бышырылганда жакшы сиңерин белгилеген.

"Кээ бир изилдөөлөрдө ликопин антиоксиданты онкологиялык оорулардын тобокелдигин азайтары айтылат. Бул заттын бышырылган азыктагысы, тагыраагы, май кошулганы ичегиге жакшы сиңет. Бирок температура канчалык өйдө болсо, ликопин ошончолук азайып кетет", — деп айтып берген адис.

Мисал катары ал томатты, дарбызды жана грейпфрутту атаган.

Буга чейин дагы бир диетолог Римма Мойсенко өтө пайдалуу жана кооптуу делген жемиштер жөнүндө айтып берген. Дарыгердин айтымында, ширеси азыраак болгондорго басым жасоого кеңеш кылган. Жемиштерди өтө арбын жегенде организмде ачып кетүү процессин чакырарын айткан.

Белгилер:
жашылча, жемиш, кеңеш, диетолог, дарыгер
Тема боюнча
Муздаткычта кандай азыктарды сактабаш керек? Пайдалуу кеңеш
Кандай нан кишини семиртип жибербей тургандыгын адис айтып берди
Жүрөк оорусун алдын алып, ичеги-карындын иштөөсүн жакшырткан азык аталды
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун имараты. Архив

ДССУ коронавирусту айыктырат делген уу коргошун боюнча үн катты

(жаңыланган 14:39 16.04.2021)
Эл аралык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоо туура эмес экенин айтты.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдө коронавирусту айыктыруу үчүн Aconítum soongáricum (Ысык-Көл тамыры, уу коргошун) колдонулуп жатат деген маалымат боюнча үн катты.

"Дүйнө жүзүндө клиникалык изилдөөлөр дары-дармектерди өндүрүүнүн эң маанилүү баскычы болуп саналат. Анын негизинде каттоодон өтүп, медициналык жактан колдонууга берилет. Клиникалык сыноолордо препараттын натыйжасы жана коопсуздугу аныкталат. Ушул маалыматтардын негизинде саламаттык сактоонун ыйгарым укуктуу органы дары-дармектерди каттоодон өткөрүү же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат", — деп айтылат билдирүүдө.

ДССУ клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны каттоо жана калкка кеңири колдонууга сунуштоого болбой турганын белгиледи.

"Учурда ДССУнун уу коргошун коронавирустан айыктырат деген маалыматы жок. Анын фармакологиялык касиеттерин билүү үчүн эл аралык стандарттарга ылайык изилдөө жүргүзүү керек. Коронавируска чалдыккандар өз алдынча дарыланбастан, ооруканаларга кайрылышы зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Эл аралык уюм мурдагыдай эле аралыкты сактап, маска тагынып, дезинфекциялык каражаттарды колдонуп, ден соолукка кам көрүүнү сунуштады.

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан.

Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Бүгүн саламаттык сактоо министри уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, билдирүү, коронавирус, коргошун, уу, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив

Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу

(жаңыланган 14:21 16.04.2021)
Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөп Кыргызстанда бир гана жерде өсөрүн айтты.

Эске салсак, ал коронавируска дары деп сунушталып жаткан "Ысык-Көл тамыры" чөбүнүн кайнатмасы боюнча журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатат. ЖМК өкүлдөрү министрге "эл арасында бул кайнатма менен өз алдынча дарыланып, жабыркагандар болсо ким жооп керет?" деген суроо беришти.

"Башкалар эч жерден таппайт. Анткени ал бир гана жерде өсөт, ал жерди биз курчап алып казып жатабыз", — деди министр.

Буга чейин министр уу коргошунду түз эфирде ичип, аны туура даярдаган учурда зыянсыз экенин далилдөөгө аракет кылган. Эгер туура эмес даярдалса, адам беш мүнөттөн кийин өлүп каларын эскерткен.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ДССУда уу коргошун коронавирустан дарылайт деген маалымат жок экенин белгилешти.

Белгилер:
Ысык-Көл тамыры, эл, коргошун, уу, Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Адамзат коронавирустун жеткен чегинде турат. ДССУ ааламдагы абал тууралуу
Министр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичти. Видео
Министр Бейшеналиев: уу коргошун менен 300дөй кишини дарыладык