Штаб: өлкөдө коронавируска караганда пневмониядан көп адам көз жумган

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүӨпкөнүн рентген сүрөтү. Архив
Өпкөнүн рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Жазылуу
Коронавирус жуктургандардын санын аймактар боюнча алганда Бишкек шаары биринчи орунда турат. Чүй менен Жалал-Абад облусунда да бир топ адамдан оору аныкталган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан жалпы 1 464 бейтап көз жумса, анын 1 004ү коронавирус чакырган пневмониядан (U07.2) каза тапкан. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Бир суткада 44 адам коронавирус жуктуруп, бир бейтап көз жумду
Ошондо Кыргызстанда көз жумган жалпы 1 464 бейтаптын ичинен 460ы коронавирустан (U07.1), ал эми 1 004ү пневмониядан ажал тапкан.
Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 86 229га жетти. Республикалык штаб оору аныкталгандардын көбү кайсы аймактан экенин да көрсөткөн.
  • Бишкек шаары — 28 939;
  • Чүй облусу — 13 079;
  • Жалал-Абад облусу — 9 987;
  • Ош облусу — 8 507;
  • Ысык-Көл облусу — 7 824;
  • Баткен облусу — 7 211;
  • Ош шаары — 5 628;
  • Талас облусу — 2 616;
  • Нарын облусу — 2 444.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 83 179у ооруну жеңгени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0