Бишкектеги колледж бир нече курулуш компаниясы менен келишим түздү. Максаты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКуруучу. Архив
Куруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Окуу жай менен компаниялардын ортосундагы кызматташтык студенттердин өндүрүштүк практикада көбүрөөк тажрыйба топтошуна шарт түзмөкчү.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи бир катар курулуш компаниялары, Биринчи май райондук администрациясы жана майыптар коому менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол койду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Меморандумга кол коюунун максаты эмгек рыногунун суроо-талаптарына жооп берүүчү кесипкөй кадрларды даярдоо болуп саналат.
"Долбоордун алкагында орто кесиптик билим берүү системасынын окуу программалары жакшыртылып, мугалимдердин квалификациясын жогорулатылат. Ошондой эле студенттер өндүрүштүк практикада көбүрөөк пайдалуу нерсе алгыдай шарт түзүлмөкчү. Окуу жайда иштегендер иш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта болушат", — деп айтылат маалыматта.
Ушундай эле кызматташтык меморандумдарына кол коюу башка окуу жайларда да каралып жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0