Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаев. Архив

Уролог: эркектер дарыгерге убагында көрүнбөй, үй-бүлө бузулуп жатат

289
Адис бөйрөк оорулары, табарсык, простата безинин, жыныс органдарынын сезгениши тукумсуздукту пайда кыларын айтып, мындан улам жаштар арасында 20-30 пайызынын потенциясы болбой калганына токтолгон.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Пандемиядан улам убагында дарыланбай, дартын өнөкөткө айлантып алгандар көп болуп жатат. Жыныс оорулары да күчөп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине маек берип жатып айткан.

Адис мунун натыйжасында жаштардын уругунун жарамдуулугу менен потенциясы төмөндөп, бул өз кезегинде үй-бүлөнүн бузулушу өңдүү социалдык маселелерди жаратып жатканына токтолгон.

"Бөйрөк оорулары, табарсык, простата безинин, жыныс органдарынын сезгениши тукумсуздукту шарттайт. Ушундан улам жаштар арасында 20-30 пайызынын потенциясы болбой калган. Өлкөдө кыз киши менен эркек балдарга кичинесинен өзүн карап жүрүүнү, ден соолугуна кам көрүүнү үйрөткөн система жок. Үй-бүлөдө да сызга отурба, мындай кийим кий, андай тамак болбойт деген өңдүү маалыматтар аз. Ошону менен бирге үй-бүлө мүчөлөрү жыл сайын ооруканага көрүнүп, текшерилип турушу керек. Ушул жол менен көп оорунун алдын алууга болот", — деген уролог.

Дарыгер бейтаптардын көбү дарылануу кымбат деп ойлоп, дарыгерге кайрылбай жүрө берерин айткан.

"Урология борборунда бардык дары-дармек жетиштүү. Бизде жок кээ бир препараттарды гана бейтаптар өздөрү сатып алат. Ташты талкалоо өңдүү жогорку технологиядагы операцияларга, эндоскопиялык операцияларга анча-мынча тыйын төлөйт. Бирок акчасы жеке менчик ооруканалардай эмес. Алардын дарылоосу бүтүндөй акча менен болгондуктан эл деле көтөрө албайт", — деген Усупбаев.

Уролог учурда Урология илимий борбору толук кандуу иштеп баштаганын айтып, калкты медиктерге убагында кайрылууга чакырган.

289
Белгилер:
уролог, импотенция, эркек, пандемия
Тема боюнча
Уролог Усупбаев: жыныс оорулары күчөдү, генофонд коркунучта!
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив

Сапар Исаковго издөө жарыяланды. ШИИБ Инандыга паспорт берүү ишин тергеп бүттү

18
(жаңыланган 19:30 18.09.2021)
Сотко чейинки өндүрүш 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 319-беренелер ("Коррупция") менен жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы Сапат лицейлер мектебинин президенти Орхан Инанды жана Түркияда туулган он адамга кыргыз паспортун берүү фактысы боюнча тергөөнүн чоо-жайы тууралуу маалымат берди.

Кечээ аталган кылмыш иши боюнча абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы шектүү катары кабарлама тапшырылган.

Сотко чейинки өндүрүш 320 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 319-беренелери ("Коррупция") менен жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн документтер жасалмаланып, бардык бланктар мыйзамды одоно бузуу менен толтурулган. Кыргызстандан башка аймакта жүргөн Түркиянын үч жараны жадагалса өлкөнүн чек арасына кирген да эмес, жетөө КРге келип паспортторун алып кайра чыгып кеткен.

"10 түрк жараны андан мурда Түркияда террордук уюм катары таанылган FETO гүлендик кыймылынын мүчөлөрүнүн тизмесине киргизилген. Өлкөнүн жогорку кызмат адамдары документтерге кол коюп, аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү процессин тездетүү боюнча мыйзамсыз көрсөтмө берген", — деп билдирди ШИИБ.

Бул кылмышка шектелип жатканы туурасында мурдагы премьер Сапар Исаковго, президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовго, экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевге, УКМКнын мурдагы башчысы Бусурманкул Табалдиевге, Калктын жарандык абалынын актыларын жана калкты каттоо департаментинин экс-директору Дүйшөн Сатыбалдиевге, Мухаббат Пратовага, Г. М. Бердигуловага, Э.М. Апиловго кабарлама берилген.

Исаков менен Табалдиевге мамлекеттер аралык издөө жарыяланды.

ШИИБ Атамбаевге 15-сентябрда 319-берене ("Коррупция") боюнча шектүү катары кабарлама тапшырылып, 16-сентябрда айыптоо актысы чыгарылганын белгиледи. Тергөөнүн материалдары Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлдү.

18
Белгилер:
Орхан Инанды, Түркия, жарандык, кылмыш иши
Тема:
Орхан Инандынын Бишкекте жоголушу
Тема боюнча
Түркиялыктарга мыйзамсыз жарандык берүү: дагы бир кызматкер камакка алынды
Акча каражаттары. Архив

Акчаны кайсы валютада сактаган оң? Жөнөкөй, бирок маанилүү кеңеш

7
Sputnik Кыргызстандын баяндамачысы каржылык сабаттуулук боюнча материалдардын топтомун даярдады. Бул макалада акчаны кайсы валютада сактоо туура экенин, ошондой эле акча сакталган валюталардын артыкчылыктарын жана терс жактарын талдап берген.

Мурунку жолкусунда автор акчаны кантип көбөйтсө болорун, тыйын-тыпыр топтоонун жолдорун кенен айтып берген.

Кокус курс жогорулап кетсе, пайда таап алууга же, тескерисинче, куну төмөндөп кетсе маңдай тер менен тапканыңдан жоготуп алуу ажеп эмес. Ошондуктан валюталардын оң жана терс тараптарын карап чыгалы.

Бардык акчаны долларда сактоо

Мунун артыкчылыгы америкалык валютанын негизинен дайым өсүштө болгондугунда. Алыс кетпей эле былтыркы көрүнүштү мисал келтирели, март айында аталган валютанын наркы 70 сомдон 85 сомго дароо көтөрүлгөн. Бирок ошол эле жылы кайра 76 сомго түшкөн. Башкача айтканда, доллар арзандап да кетерин эске алуу абзел. Мындайдан мен да күйгөн жайым бар, кезегинде 80 сомдон ашык акчага сатып алсам, көп өтпөй кайра анын куну түшүп кетпеспи. Көңүл чөгөргөн абал, кейибей коё албайсың.

Сатып алайын десеңиз эле кымбат курска кабыласыз, ал эми акча керек болуп алмаштырар убакта сатып алганыңыздан кыйла арзандай түшкөн болот. Жөн жерден чыгым тартасыз.

Америкалык валютанын куну өзгөрбөгөн күндө деле алмаштырууда бир доллардан 20-30 тыйын жоготосуз. Эгер топтогон акчаңыз азыраак болсо, анда чыгымыңыз анчалык сезилбейт.

Дагы бир терс жагы – банкта аманатты долларда кармоо, анткени бул валютадагы салымдардын пайыздары өтө аз, 1-4 пайызды гана түзөт.

Сом менен сактоо

Улуттук валютаны сыйлап жана сүйүүгө тийишпиз. Мекенчилдиктен тышкары да артыкчылыктары арбын. Сом түрүндөгү депозиттер абдан жогору, 5-6 пайыздан айрым түрлөрү боюнча узак мөөнөткө салынса 14кө чейин чыгат.

Башкача айтканда, туруктуулук өкүм сүргөн жылдары инфляцияны гана жаппастан, активдериңизди да бир аз жогорулатат. Дагы бир артыкчылыгы — чыгымдардын басымдуу бөлүгү адатта улуттук валютада болот, андыктан алмаштыруу операцияларында жоготууга учурабайсыз.

Бирок терс тарабы да жок эмес. Курс кескин жогорулап кетиши ыктымал, андайда чет өлкөлүк валютага айландырганда жыйнаган тыйыныңыздын суммасы азыраак чыгып калат.

Кыргызстан товарлардын басымдуу бөлүгүн сырттан импорттогондуктан, доллардын куну өскөндө баалар да асмандайт, сатып алуу жөндөмү төмөндөйт. Жогорку инфляция депозиттик ченди бөгөп коюшу мүмкүн.

Туруктуу жылдары банктагы аманат бир аз киреше алып келсе, каатчылык каптаганда чыгымга да кабылуу коркунучу бар. Маселен, 2019-жылдын июль айынан 2020-жылдын июлуна чейин өлкөдө инфляция 14,6 пайызды түзгөн. Башкача айтканда, бул жылдык депозит боюнча ар бир ченден жогору.

Евро жана башка валюталар

Былтыр евронун куну 100 сомдон ашкан. Мындай өсүш жакшы көрсөткүч экени айныгыс. Терс тарабы – өтө төмөн пайыздык чени, быйыл жыл башында үч пайыздан ашкан эмес. Анан да бул валютада жергиликтүү банктардын үчтөн биринде гана аманат ачууга болот.

Дагы бир кемчилиги — сатып алуу менен сатуудагы айырманын чоңдугу. Эгер долларда бул 0,2-0,3 сомду гана түзсө, европалык валютада мындай айырма бир сомдон ашат.

Эске салсак, башка, британиялык фунт стерлинг өңдүү валюталар дээрлик өлкөдө тараган эмес. Ал эми тыйынды өлкөдөгү каржылык мекемелерде оңой алмаштырып же жайгаштырууга мүмкүн болгон валютада кармоо дурус.

Эмне кылуу абзел?

Адатта банкирлер жана каржылык талдоочулар берген негизги кеңеш – диверсификация. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов тыйын-тыпырды үчкө бөлүп, сом жана доллар түрүндө, ал эми үчүнчү бөлүгүн алтын куймаларына салууга кеңеш берген. Башкача айтканда, топтогон каражаттын баарын бир валютада кармоо кооптуу.

"Жеке "портфелди" дайым диверсификациялоо кажет. Сом, доллар же алтын менен гана кармоо туура эмес ыкма", — деп түшүндүргөн Абдыгулов.

Кандай болгон күндө да кантип сактоо керектигин өзүңүз чечесиз, бирок алгач тыкыр изилдеп, негизги валюталардын оң жана терс жактарын салмактап алыңыз. Акыл калчаган соң гана чечим кабылдаган оң.

7
Белгилер:
акча, валюта, банк, доллар, сом, евро, каржылык
Тема боюнча
Акчаны кайда салып кантип көбөйтсө болот. Кыргызстандагы шарттар
Игроки футбольного клуба Нефтчи из Кочкор-Аты празднуют победу на Кубка Кыргызстана по футболу

Футбол: Кыргызстан кубогунун ээси аныкталды

0
Эсеп негизги убакытта да, кошумча берилген мөөнөттө да ачылган жок. Финалдык оюндун жеңүүчүсү пенальти сериясынан соң белгилүү болду.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кочкор-Атанын "Нефтчи" футболдук клубу Кыргызстан кубогунун ээси аталганын Кыргыз футбол союзу билдирди.

90 мүнөттүк негизги убакытта "Нефтчи" да, ага атаандаш болгон Бишкектин "Алга" командасы да гол киргизе алган эмес. Кошумча берилген эки таймда да эсеп ачылган жок.

Жеңүүчүнү пенальти сериясы аныктап, "Нефтчи" 4:2 эсеби менен жеңүүчү аталды.

Оюн биринчи жолу Баткен шаарынын борбордук стадионунда өттү.

0
Белгилер:
футбол, кубок, мелдеш, команда
Тема боюнча
Кыргызстандын футбол командасы FIFA рейтингинде алдыңкы жүздүккө илинди