Салык кызматы: декларация тапшыруу мөөнөтү бүгүн аяктайт, жетишип калгыла

© Sputnik / Жоомарт УраимовБирдиктүү салык декларациясы. Архив
Бирдиктүү салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бүгүн, 1-мартта, юридикалык жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун акыркы күнү, тагыраагы, аны саат 00:00гө чейин тапшырып жетишип калуу керек. Бул туурасында Салык кызматынан эскертишти.
"Бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат. Эске салсак, 1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын жергиликтүү уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү", — деп айтылат маалыматта.
Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0