Карызы көбөйүп... Ошто Москвага жасалма билет сатты делген аял кармалды

© Фото / пресс-служба УВД города ОшОш шаарында Москвага барам дегендерге жасалма авиабилет саткан 23 жаштагы аял кармалды
Ош шаарында Москвага барам дегендерге жасалма авиабилет саткан 23 жаштагы аял кармалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Жабыркаган эки киши жасалма билетте көрсөтүлгөн убакта аэропортко барып, алданып калганын билишкен. Келин бул ишке карызы көбөйүп кетип барганын айтууда.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ош шаарында Москвага барам дегендерге жасалма авиабилет саткан 23 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кармалган аял эки кишиге эки жасалма билетти 86 миң сомго саткан.
"Жасалма билеттин учуу күнү ушул жылдын 12-февралына белгиленген. Сатып алгандар анда көрсөтүлгөн убакта аэропортко барып, алданып калганын билишкен. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган Н.Н. аттуу аял үй-бүлөлүү, эки баласы бар экени аныкталды. Ал мындай ишке карызы көбөйүп кетип баргандыгын айткан", — деп жазылат маалыматта.
Учурда алдамчылыктын белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Шектүүнүн жаш балдары бар экени эске алынып, үй камагына чыгарылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0