Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Борис Приходько / Медиабанкка өтүүКыргызстандагы Тянь-Шань тоолору. Архив
Кыргызстандагы Тянь-Шань тоолору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
2-мартка караган түнү республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык чектелиши зарыл.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градус болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0