Бишкекте таңда унаа коюп, ооруканага түшкөн "Тазалыкчынын" абалы айтылды

© пресс-служба мэрии города БишкекАвтонаезд на работницу муниципального предприятия "Тазалык" в Бишкеке
Автонаезд на работницу муниципального предприятия Тазалык в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Бир нече күн мурун ишкананын кызматкери Мадина Токобаева апасы менен жолду тазалап жатканда BMW үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу аны сүзүп, из жашырып кеткен.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылган "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкеринин абалын билди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, бир нече күн мурун таңкы саат 6:30да ишкананын кызматкери Мадина Токобаева апасы Жылдыз Орозалиева менен Каралаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолду тазалап жатышкан.
"Эки кызматкер тең өңү чагылышып турган атайын жилеттерди кийгени менен Каралаев көчөсү менен түштүк-чыгыш тараптан катуу ылдамдыкта келе жаткан BMW үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа Мадина Токобаеваны сүзүп кеткен. Ал бети-башы канжалап, эс-учун жоготуп жатып калган. Энеси айдоочунун унаасынын номерин караганга жетишкен эмес, ал из жашырып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Токобаева Тез жардам кызматынын унаасында эсине келген, учурда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланууда. Мээси чайкалып, буту сынып, көзү-башы көгөрүп, шишигени белгилүү болду. 
© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылган "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкеринин абалын билди
Автонаезд на работницу муниципального предприятия Тазалык в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жол кырсыгына кабылган "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкеринин абалын билди
"Бүгүн мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана вице-мэр Жамалбек Ырсалиев ооруканага келип кызматкердин абалын билип кетти. Кыздын абалы бир аз жакшырып, өз алдынча отуруп калды", — деп жазылган билдирмеде.
Мэрия кошумчалагандай, жол кырсыгынан кийин айдоочунун тууганы делген Фархад аттуу адам Токобаеванын дарылануусуна жардам бергени айтылган. Рулда 17 жаштагы бала болгон. Жол кырсыгынын себеби аныкталып жатат.
Ошондой эле "Тазалыктын" кызматкерлери камсыздандырылганы, ишкана материалдык жардам көрсөткөнү белгиленди.
Жаңылыктар түрмөгү
0