Сузакта 14 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан киши изделүүдө. Сүрөт

© Фото / Pexels / Arifur Rahman TusharАсманды карап турган адамдын силуети. Иллюстративдик сүрөт
Асманды карап турган адамдын силуети. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Жазылуу
Дастан Кубатбековдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана облустук милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурады.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылынын 25 жаштагы тургуну Дастан Кубатбеков 14 күндөн бери дайынсыз болуп, милиция издөө салды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.
© Фото / УВД Джалал-Абадской областиЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылынын 25 жаштагы тургуну Дастан Кубатбеков 14 күндөн бери дайынсыз болуп, милиция издөө салды
Пропавший без вести Дастан Кубатбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арал айылынын 25 жаштагы тургуну Дастан Кубатбеков 14 күндөн бери дайынсыз болуп, милиция издөө салды
"Кубатбеков Дастан Замирбекович 16-февраль күнү саат 10:30 чамасында жашаган үйүнөн чыгып кеткен. Учурда Дастан Кубатбековдун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана облустук милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт", — деп айтылган маалыматта.
Аял көчөдөн бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Нарында төрт айдан бери изделип жаткан аял аман-эсен табылды
Белгилери: бою 160-165 см, ак жүздүү, чачы, көзү кара, орто дене түзүлүштө, III топтогу майып, эки кулагы укпайт, сүйлөй албайт (дудук), эки көзү кылый.
Кийген кийимдери: башында боз түстөгү шапка, үстүндө кара өңдөгү жемпир, кызыл жилет, күрөң шым, бутунда жашыл резина өтүк болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан Кубатбеков тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03748) 5-02-09, (0778) 15-15-91, (0558) 16-16-91 телефон номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранды.
Жаңылыктар түрмөгү
0