Коронавирус бир адамдын өмүрүн алып, 48 кишиден оору табылды

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери жалпы 86 359 адам оору илештирген. Анын ичинен 1 468 бейтап акка моюн сунганы маалым болду.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус 48 адамдан табылып, 49 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 17;
  • Ош – 3;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 6;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 1.
Ушуну менен COVID жуктургандардын жалпы саны 86 359га жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек – 17;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 9.
Өлкөдө жалпы 83 318 бейтап ооруну жеңген.
Тилекке каршы, дарт бир сутка ичинде Бишкектен бир адамдын өмүрүн алган. Аны эсепке алганда илдеттен жалпы 1 468 киши көз жумган.
Азыркы тапта ооруканаларда 355 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 100 адамдын абалы оор болсо, 14үнүкү өтө оор деп бааланды.
Бир сутка ичинде өлкөдө медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0