Төө-Ашуудагы тайгактан жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат. Видео

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуТөө-Ашууда кардан жана тайгалактан улам оор жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат
Төө-Ашууда кардан жана тайгалактан улам оор жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Ашууда жети градус суук болуп, тайгак жолдо автоунаалар токтоп турган видео чыкты. ӨКМ азырынча бир машинанын ээсине жардам бергенин билдирди.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Төө-Ашууда кардан жана тайгалактан улам оор жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат. Унаалардын жолдо токтоп турган видео, сүрөттөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналына чыкты.
"Төө-Ашуу ашуусу. Жети градус суук. Жол тайгак", — деп сүйлөгөн киши видеодо.
ӨКМ Бишкек — Ош унаа жолунун 140-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу) фура унаа карга тыгылып калып, "Урал" унаасы тартылганын билдирди. Кошумча маалымат берилет.
Бишкек — Ош унаа жолунун 154-чакырымындагы Суусамыр айыл аймагында ӨКМдин куткаруу бөлүмү, 129-чакырымында Көлбаев атындагы туннелде "Урал" үлгүсүндөгү автоунаа жана 238-чакырымындагы Ит-Агар станциясында КамАЗ нөөмөттө турат.
Киши кар үстүндө ат минип жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.02.2021
Белден келген карды малтап. Ат жүрө албай, тоого жөө чыккан энергетиктер. Видео
Саат 11:00гө карата Төө-Ашуу, Өтмөк ашууларында күн бүркөө, Ала-Бел ашуусунда кар себелеп жатканы айтылды. Тиешелүү кызматтар тарабынан жолдорго кум себилип, карды тазалоо иштери уланууда.
Бүгүн, 3-март күнү, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0