БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакындары депозиттик атайын эсепке 49,6 миллион сом которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Маалыматка караганда, Көлбаевге карата кылмыштуу каражатты адалдоо (250 миллион сом) боюнча дагы бир иш козголгон.
"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Көлбаевдин жакын адамдары атайын эсепке 49,6 миллион сом которду. Учурда каражаттын калганын мамлекетке кайтаруу боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө. Акыркы мөөнөт — 2021-жылдын апрель айынын аягы", — дешти УКМКдан.
Эске салсак, Көлбаев 22-октябрда Бишкектеги спорттук клубдардын биринде кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, кримтөбөл уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында алынган маалыматтын негизинде колго түшүрүлгөн.
Материалдар Кылмыш кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") боюнча катталган.24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Көлбаев тергөө бүткөнгө чейин камакка алынып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Кийин Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз түшүп, бирок аны жактоочулар кайра артка кайтарып алышкан.
Ноябрь айынын аягында Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 колонияга которулуп, ошондон бери аталган абакта кармалып келген. Бирок кримтөбөлдүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум 2-мартта өтүп, эч жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулган.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүн борбор калаада Бишкек баатырдын эстелиги ачылып, иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров эстеликтин тургузулушу шаар тарыхында маанилүү окуя экенине токтолуп, Бишкек баатыр тууралуу айта кетти.
"Кыргыздын солто уруусунан чыккан Бишкек баатыр ырыс жылоологон касиеттүү адамдардан болгон. Оозеки жана документалдык булактарга караганда, Бишкек баатырдын сөөгү жашырылган жер "Пишпек-Ата коргону" аталып, ал жер калайык-калк сыйынган ыйык жайга айланган. Тегерегине акырындап эл уюп, отурукташкан журт байырлап, процесс токтобой уланып отуруп, акыры чоң шаар калыптанды", — деди президент.
Өлкө башчы кыргыз эли душмандар менен катуу салгылашып турган XVII–XVIII кылымдарда Бишкек баатыр эрдиги менен таанылганын кошумчалады.
Сөзүнүн аягында ал борбор калаанын көркүн арттыруу үчүн бүгүн көптөгөн иш-аракеттер жүрүп жатканын, шаар жасалгасы дагы бир эстелик менен толукталганын белгиледи.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Борбор калаада Бишкек баатырдын айкелинин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган аткаминерлер менен маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Бийиктиги 3,5 метр болгон эстелик шаардын Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган.
Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Бишкек баатыр касиеттүү адамдардан болгондугун айтып өттү.
"Бүгүнкү күндө Бишкек Кенен уулу жашап өткөн доорго кызыгуу тереңдеп, тарыхчы-окумуштууларыбыз, жазуучуларыбыз анын өмүр таржымалын ийне-жибине чейин тактаганга аракет кылып жатышат. Көркөм чыгармалар, катар-катар илимий иликтөөлөр жазылууда", — деди Жапаров.
Өлкө башчысы ошондой эле шаардагы тарыхый эстеликтерге аяр, камкор мамиле жасалышы керектигин белгилеп кетти.
Бишкек баатырдын эстелигине 2019-жылы шаар бийлиги тарабынан сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон.Баатырдын айкелин коюу боюнча иштер өткөн жылдын июнь айында башталып, ачылышы 31-август — Кыргызстандын эгемендик күнүнө паландалган. Бирок пандемиядан улам курулуш иштери өз убагында бүтпөй калган болчу.
Эстеликти орнотууга 8 миллион сомдон ашык акча жумшалган. Бул каражатты "Бишкек баатыр" коомдук бирикмеси марафондо чогулткан.
БИШКЕК, 14-апр.— Sputnik. Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев аталган аймактын башчысы болгум келет деген маалыматты төгүндөдү.
Эскерте кетсек, мындай кабар жергиликтүү ЖМКлардын бирине жарыяланган. Өз оюн Жапыкеев Facebook баракчасына билдирди.
"Биринчиден, мени эл, облус жетекчилиги, прокуратура жамааты жакшы тосуп алды. Буюрса, аймактын маселелери менен таанышып жатабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин. Өзүмдүн эле жумушум жакшы. Мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн иштесек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын да чеги болот. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту. Буюрса, көлдү тегеренип, эл менен жолугабыз. Алардын көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен кошо угабыз", — деп жазган ал.
Эске салсак, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыккан. Мындан улам мекеменин жетекчиси Жапыкеев кызматы жок калган.
Кийин ал Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган. Жапыкеев буга чейин аталган тармакта эмгектенген, Ысык-Көл облусунда туулуп-өскөн.