Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы ден соолукту бекемдөө борборунун туура тамактануу боюнча адиси, диетолог Марина Дүйшөнкулова

Кыска убакытта арыктоо эмнеси менен кооптуу. Диетолог Дүйшөнкулованын маеги

(жаңыланган 18:34 03.03.2021)
Жаз келип, көпчүлүк аялдардын көйгөйү ашыкча салмактан арылуу болуп жатса керек. Айрымдары эртеден кечке суу ичсем тезирээк арыктайм деп ойлошу мүмкүн. Бирок бул чоң жаңылыштык дейт диетолог.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы ден соолукту бекемдөө борборунун туура тамактануу боюнча адиси, диетолог Марина Дүйшөнкулова Sputnik Кыргызстан агенттигине туура тамактануу, туура арыктоо тууралуу айтып берди.

— Көпчүлүк ашыкча салмактан тез эле арылууну каалашат эмеспи. Ал үчүн кандай эрежелерди кармоо керек?

— Туура. Сиз айткандай көп аялдар убакытты биринчи орунга коюп, тез арада арыктоону каалашат. Айрымдары бир айдын ичинде 10 килограммга чейин салмак таштайбыз дешет. Ошентсе болот, бирок бул организмди стресске тушуктурат.

Адам бир ай же бир жуманын ичинде семирип кетпейт да. Акырындап салмак кошуп, акырындап толот. Эгер бир айдын ичинде 10 килограммга семирип кетсе, анда ал патология болушу ыктымал. Адам канча убакытта салмак кошсо, арыктаганга деле ошончо убакыт кетет.

Ашыкча салмактан арылуу үчүн тамактанууга эле көңүл бурбай жашоо образын да өзгөртүү керек, кыймыл да маанилүү.

Арыктайм деген адам биринчи кезекте тамактануусуна көңүл бурушу керек. Тамак рационунда витамин, белок, углеводдун баары болушу шарт. Мындан сырткары, суунун өлчөмүн жөнгө салганы дурус. Себеби организмдин басымдуу бөлүгү суудан турат. Суунун көлөмүн эсептеген оңой эле. Мисалы, ар бир килограмм салмакка 30 миллилитр суу туура келет. Эгер адамдын салмагы 50 килограмм болсо, аны 30га көбөйтүп салмагына жараша суу ичет.

Специалист центра укрепления здоровья Минздрава, диетолог Марина Дуйшонкулова в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы ден соолукту бекемдөө борборунун туура тамактануу боюнча адиси, диетолог Марина Дүйшөнкулова

Негизи ар бир адам күнүнө беш маал тамактанышы керек. Анын ичинде үч маал (эртең менен, түштө, кечинде) толук тамактануу болсо, алардын ортосунда айран, алма, жаңгак сыяктуу азыктар менен шам-шум этүү зарыл.

Жөнөкөй эле формуласын мисал кылып айтып берейин. Эртең менен турганда бир стакан жылуу суу ичесиздер. Аны дароо эле жутуп салбай, улам ууртап, бөлүп ичкен оң. 20-30 мүнөттөн кийин эртең мененки тамакты жеш керек. Маселен, акшактардын түрүнөн жасалган ботко. Ушул жерден бир азык тууралуу айта кетейин. Баарыбыз билген гречка арыктайм дегендерге миңдин бири. Себеби анда белок көп. Ал кан тамырлардагы холестеринди, ичти да тазалайт. Эртең менен гречкадан жасалган ботко жеп кетсең түшкө чейин курсакты ачтырбай, адамды ток алып жүрөт.

Түштө деле бууга, сууга бышкан тамактарды жеген жакшы. Айрымдар "арыктайм" деп эртең менен бир тамак, кечинде бир тамак менен чектелет. Болгондо да алма жеп, айран ичип коюп жүрө берет. Кээ бири суу эле ичет. Организмди эч убакта минтип кыйнабаш керек. Мындай диетага отурган учурда адам кийин эки эсе салмак кошушу толук мүмкүн. Себеби организмдин дагы эс-тутуму болот. Ал канчалык салмак кетирсе, кайра ошончо алып алат. Ошол себептен айрымдар катуу диета кармап туруп таштап салганда дароо семирип кетет.

Кечки тамак да жеңил болушу шарт.

— Азыр тез аранын ичинде арыктатып койгон сыйкырдуу таблеткалар чыкпадыбы. Жарнамалар андан көп. Булардын зыяны болсо керек.

— Албетте, ден соолукка терс таасири бар. Аларды карасаңар бөтөлкөсүнүн сыртында курамы жазылбайт. Жазылган күндө да эмнеден жасалганын көрсөтпөйт "жана башка" деген сөз менен бүтүрүп коёт. Бул шек жаратат. Мындай таблеткаларды көбүнчө жаш кыздар ичет. Аны колдонгондон кийин адам ачка-тогун билбей эле тамак жебей жүрө берип организмди таптакыр бузат, стресске алып келет. Ошол себептен аны ичерден мурда ойлонуш керек, адистерден сурап, кеңеш алууну сунуштайм.

Специалист центра укрепления здоровья Минздрава, диетолог Марина Дуйшонкулова в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Диетолог: айрымдар "арыктайм" деп эртең менен бир тамак, кечинде бир тамак менен чектелет. Болгондо да алма жеп, айран ичип коюп жүрө берет. Кээ бири суу эле ичет. Организмди эч убакта минтип кыйнабаш керек

— Туура тамактанганда эле арыктап кетпейт да. Спорт менен да сөзсүз машыгуу зарыл болсо керек.

— Адам канча энергия алса, ошончо кетириши керек. Мисалы, беш маал тамактангандан 2000 килокалорий алдың дейли. Эгер көп кыймылдабаган киши болсо 1000 килокалорийи басып-турганына кетсе, калган миңи кошумча салмак болуп кошула берет. Ошол себептен топтогон килокалорийди энергия, кыймыл менен кайра сыртка чыгаруу кажет.

Кыймыл орточо жана жогорку болуп экиге бөлүнөт. Орточо кыймылга басып, үйдө майда-барат нерселерди жасап жүргөнүбүз кирет. Ал эми жогоркуга спорт менен машыгуу, чуркоону кошсо болот.

Ар бир адам жумасына үч ирет спорт менен машыгып же чуркаганы жакшы.

— Кечки тамакты саат тогуз-ондо жегендер көп. Алар жумуштан барып тамак жасап жегенге чейин ошол убакыт болот эмеспи. Ал эми арыктай турчуларга саат алтыдан баштап тамак жебегиле деп айтылганын көп угабыз.

— Тамакты жатканга чейин үч саат эрте жеш керек. Эгер сиз саат 21:00дө жатсаңыз, анда кечки тамак саат 18:00дө болушу шарт. Анткени адам уктаганда ички органдар, анын ичинде ашказан да эс алышы керек.

Мисалы, конок, кече, тойлорго барган күндөрдүн эртеси адам шишип, күптү болуп, өзүн начар сезет. Себеби түнү бою ашказан менен кошо башка органдар да түнкү саат 12де жеген тамакты сиңириш үчүн иштеп чыгат, эс албай калат.

Кечки тамакты эрте жегенден кийин жатканга чейин курсак ача турган болсо, алма жеп же айран ичип алса жетиштүү.

Кечки тамакка шорпонун түрүн сунуштайт элем. Эгер адам аябай камыр тамак жегиси келсе, аны түшкүгө калтырса болот. Себеби эт менен камыр оңой менен сиңбейт.

Специалист центра укрепления здоровья Минздрава, диетолог Марина Дуйшонкулова в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Марина Дүйшөнкулова: ашыкча салмак менен эмнеге күрөшүү керек? Себеби семиргенде холестерин көбөйүп, кан тамыр ооруларын пайда кылат

— Кайрылган кардарларыңыздын негизги көйгөйү эле арыктообу же башкалары да барбы?

— Ооба, бизге ашыкча салмактан арылуу үчүн көп учурда аялдар келет. "Бир-эки жумадан кийин тойго барат элем, ошого чейин ичимди киргизип, салмак ташташым керек болуп жатат" деп кайрылгандар болгон.

Ашыкча салмак өзүнчө оору. Айрымдарына генетикалык жактан өтүшү мүмкүн. Бирок "атам же энем ушундай болчу" деп кол шилтеп койбой аны менен күрөшүү керек. Ар бир адамдын боюна жараша салмагы болот. Эгер адамдын бою кичинекей, бирок өтө эле толук болсо анда ал патология болуп саналат.

Ашыкча салмак менен эмнеге күрөшүү керек? Себеби семиргенде холестерин көбөйүп, кан тамыр ооруларын пайда кылат. Кан тамыры ичкерип кетти деп коюшат го. Ал өзүнөн өзү эле ичкербейт. Кан тамыр түтүк сымал. Холестерин көбөйгөндө ал түтүктү жаап салат. Ошентип, кан айлануу начарлап, кан жакшы жүрбөй калат дагы адамды инсульт, инфарктка жеткирет.

Ошол себептен тузду азайтып, кумшекерди таптакыр эле тизмеден чийип салуу кажет. Кумшекерден эч кандай пайда жок. Атургай аны "ак өлүм" деп коюшат. Тамакты куурубай жасагыла деп да сунуштайт элем. Өсүмдүк майы өзү пайдалуу. Бирок аны ысытып, кууруганда андагы витамин, токсиндер чыгып трансмайга айланат. Трансмай болсо холестеринди көбөйтөт.

— Кофе ичүүнү адатка айлантып алгандар бар. Ал зыян эмеспи?

— Зыян деп айта албайм, бирок нормадан ашпаш керек. Бир күндө төрт-беш жолу ичсе, албетте, зыян. Бул деле чай сыяктуу сергиткен суусундукка кирет. Негизи ага кумшекер, сүт кошпой ичүү керек.

Специалист центра укрепления здоровья Минздрава, диетолог Марина Дуйшонкулова в офисе Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Диетолог: организмде витамин аз болгонго караганда витамин көп болгону коркунучтуу. Витаминдин өтө көп болгону организмге терс таасирин тийгизет

— Эркектер деле ашыкча салмактан арылуу көйгөйү менен кайрылышабы?

— Андайлар аз. Тескерисинче, алардын аялдары келип "жаңы үйлөнгөндө арык эле болчу, кийин толуп кетти, кантип салмак таштайбыз?" деп сурашат. Эркектер деле салмак ташташ үчүн жогоруда айтып кеткен эрежелерди аткаруусу абзел.

— Өтө эле арык адамдар бар, тамакты канча жесе деле толбойт. Мунун себеби эмнеде?

— Эми бул суроого тарс эле жооп берүү мүмкүн эмес. Андай адам дарыгерге кайрылып, медициналык кароодон өтүп, анализдерин тапшырып текшертиши шарт. Ар кандай себеп болушу мүмкүн. Айрымдар генетикалык жактан эле семирбейт.

— Биологиялык активдүү кошулмалар (БАД) акыркы учурда өтө эле көп. Кайсынысын алып, эмнесин ичериңди билбейсиң.

— Туура, азыр мындай биологиялык активдүү кошулмалар өлкөгө эч көзөмөл жок кирип жатат, түрлөрү да өтө көп. Алар кайсы өлкөдөн, кандай жасалып келип жатканы боюнча элдин маалыматы аз. Сапатын билбейбиз. Буларды деле каалагандай иче бербей дарыгер менен кеңешүү зарыл. Анткени бир витамин экинчи витамин менен организмде туура келбей, бири-бирин "тээп", сиңбей калышы мүмкүн. Ошол себептен жөн эле боорго күч келтире бербей аны дарыгерден сурап туруп ичүү шарт. Организмде витамин аз болгонго караганда витамин көп болгону коркунучтуу. Витаминдин өтө көп болгону организмге терс таасирин тийгизет.

Колдон келсе витаминди табигый таза азыктардан алгыла дейт элем. Аларга эч бир нерсе жетпейт. Мисалы, жайында жашылча-жемишти көп жегиле. Азыр кышында деле баары сатылып калбадыбы. Алардын таасири, пайдасы бөтөлкөдөгү витаминдерден жүз эсе натыйжалуу.

Белгилер:
холестерин, тамактануу, кеңеш, витамин, арыктоо, диетолог
Тема боюнча
Жапаровдун баласысыңбы деп сурашат. Президентке окшош Аскардын маеги
Издешпей табышкан Мирзат менен Айзуура: жаш болсок да баштан көп нерсе өттү
Ата мээримин таятаман издедим... Назира Айтбекованын айылга каты
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив

Министр уу коргошун боюнча: президент экөөбүз кайнатмасын даярдап жатабыз

(жаңыланган 12:54 16.04.2021)
Кечээ президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Учурда социалдык тармактарда уу коргошун деп айтылып, коронавируска каршы дары катары активдүү талкууланып жаткан "Ысык-Көл тамыры" аталышындагы чөптүн кайнатмасы республика боюнча бардык ооруканаларда коронавируска кабылгандарга берилип жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Кабарчы ага социалдык тармактарда коронавируска каршы президент Садыр Жапаров сунуштаган дары делип активдүү талкууланып жаткан "Ысык-Көл тамыры" ден соолукка канчалык пайда же зыян алып келерин билүү үчүн кайрылган.

"Ал Кыргызстан боюнча бардык ооруканаларда берилип жатат. Дозасын президент өзү аныктап, өзү кайнатып жатат мени менен бирге. Бүгүн саат 13.00дө интервью берем, ошол жерден баарын айтам", — деди министр.

Ошондой эле ал президент абакта жаткан кезде бул "дарыны" сунуштаганын кошумчалады.

"Жапаров Жээнбековго кайрылып, ал укпай койгондо мага "сен дарылап көр" деп айткан. Мен туугандарымды дарылагам. Бүгүн журналисттерге кантип ичиш керектигин көрсөтөм. Ошол жерде өлбөгөнүмдү көрөсүңөр. Анткени мен министр катары жоопкерчиликти өз мойнума алышым керек", — деди ал.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дарыгерлер менен жолугушуу учурунда
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мындан тышкары, министр кыргыздар бул кайнатма менен беш кылым мурда эле дарыланып жүргөнүн айтты. 

Буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он-чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын Kaktus Media порталына билдиргенине караганда, "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес.

Журналисттин сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу деген суроосуна ал "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек" деп жооп берди.

Кыргызстанда 2007-жылдан тарта 2018-жылга чейин жергиликтүү ЖМКлар "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасына ууланып көз жумгандар көп болгонун жазышкан.

Белгилер:
коронавирус, Алымкадыр Бейшеналиев, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Жапаров "кызыл зонада" дарыланып жаткандарга барып кабар алды. Видео
Боом капчыгайы. Архив

Боомдо таш кулатылып, жол жабылат. График

(жаңыланган 12:12 16.04.2021)
19-апрелден 23-апрелге чейин күндүзгү маалда поезд жана автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилери айтылды.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан маалымдашты.

Буга байланыштуу 19-апрелден 23-апрелге чейин күндүзгү маалда поезд жана автоунаалардын өтүшүнө чектөө киргизилери айтылды.

Таш кулатуу иштери Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымындагы Жел-Арык аймагында жана Каямат-Куркол станциясынын аймагында (жолдун 131-чакырымында) жүрөт.

Ишкана айдоочуларды сапарга чыгууда маршрутту алдын ала пландап алууга чакырды.

Белгилер:
Кыргыз темир жолу, таш, Боом капчыгайы
Тема боюнча
Күн жылып Бишкек — Ош жолундагы оңдоо иштери жанданды. Сүрөт
Токио шаарында орнотулган Олимпиада шакекчерели. Архив

Олимпиадага үч ай калды, Спорт агенттигинин 45 млн. карызы бар. Даярданып жетишеби?

(жаңыланган 13:18 16.04.2021)
Токио Олимпиадасына үч ай гана убакыт калды. Машыгуулар пандемия шартына туура келгенине карабастан кыргызстандык спортчулар ондон ашык жолдомо алды. Алдыда бир нече лицензиялык турнир бар.

Sputnik кыргызстандык спортчулардын маанилүү мелдешке даярдыгы жана Олимпиадада медаль алуу мүмкүнчүлүгү тууралуу билди.

Токио Олимпиадасы 

Мелдеш 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтөрү пландалган. Япониянын борборунда жай айында өтүүчү оюндар чет элдик көрөрмансыз өтөт. Ага 200дөн ашуун мамлекеттин спортчулары катышары күтүлүп жатат.

Өлкө куржунунда азыр 12 лицензия бар

2019-2020-жылдары жолдомону балбандар Атабек Азисбеков менен Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов алган.

Ал эми жакында эле Казакстанда өткөн лицензиялык турнирден жолдомону Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова жана Эрназар Акматалиев алды.

Лицензия алып жатабыз, каржылоочу?

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламенттин жыйынында Олимпиада оюндарына даярданып жаткан спортчуларга каражат бөлүнбөй жатканына нааразы болгон.

Анын айтымында, өлкөнүн Олимпиадалык командасына 105 миллион сом каралса, бүгүнкү күндө анын 16 миллиону гана бөлүнгөн.

Депутат Жогорку Кенеша Шайлообек Атазов на заседании
© Фото / пресс-служба ЖК
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов
"Бизде 40 жыл мурун Каныбек Осмоналиев Олимпиада чемпиону болгондон кийин эч ким биринчи орунга чыга элек. Быйыл Токио Олимпиадасында чемпион болуу мүмкүнчүлүгү бар. Деген менен командага каражат бөлүнбөй жатат. Муну Экономика жана финансы министрлигинин өлкө намысын коргоп, желегин желбиретүүчү спортчуларга кайдыгер мамилеси, шалаакылыгы деп бааласак болот. Олимпиадага үч ай калды, анан кантип даярданышат. Урматтуу төрага, ушул боюнча протоколдук тапшырма берип коюуңузду суранам", — деген Атазов.

Ошондой эле ал учурда Олимпиадага даярданып жаткандарга күнүнө 250 сом берилерин айтып, машыгууга барган жеринде мейманкана, авиакассага карыз болуп жатканын кошумчалады.

Спортчуларды даярдоодо көйгөйлөр болуп жатканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев да моюндады.

Директор Госагентства по делам молодежи, физической культуры и спорта (ГАМФКиС) Канат Шабданбаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Шабданбаев
"Олимпиадага даярданууга бардык шарттарды түзүп берип жатабыз. Бирок кемчиликтер менен көйгөйлөр жок эмес. Пандемияга байланыштуу көптөгөн мелдештер, окуу-машыгуу жыйындары жылып кетип же болбой калып, даярдыкка терс таасирин тийгизип жатат. Мындан тышкары, дары-дармек сатып алууда мыйзамга тиешелүү тоскоолдуктар бар. Тендер өткөрүү зарыл. Айрым дарылар өлкөдө жок, сырттан сатып алуу керек", — деди Шабданбаев.

Ал депутат айтып жаткан 105 миллион сомдун чоо-жайын да түшүндүрдү. Айтымында, жыл сайын олимпиадалык спорттун түрлөрүнө 55 миллион сом каралат, ал эми быйыл Олимпиада оюндары болот деп 50 миллион сом бөлүнмөк.

"Жалпы сумманын ичинен учурда 20 миллион сому гана берилди, 85 миллиону бөлүнө элек. Финансы министрлиги ушул айда калган каражат которула баштайт деди. Бирок даярдыктар үзгүлтүккө учураган жок, карыз болсок да машыгууга барып жатабыз. Спорт агенттигинин карызы 45 миллион сомго жетти. Мейманканаларга, пансионаттарга, спорт залдарга бересебиз бар. Мындай нерсе жыл сайын эле болуп келет экен. Себеби январь-февраль айларына каржылоо ачылбайт деп түшүндүрүштү. Бирок бул жылы андан да созулуп, толук бөлүнбөй жатат", — деди Спорт агенттигинин башчысы.

Экономика жана каржы министрлигинин маалымат кызматынын адиси Жоомарт Шайдылдаев Спорт агенттиги кайрылган смета боюнча каржылоо жүрүп жатканын билдирди.

Сотрудник пресс-службы Министерства экономики КР Жоомарт Шайдылдаев
© Фото / Элина Мамытканова
Экономика жана каржы министрлигинин маалымат кызматынын адиси Жоомарт Шайдылдаев
"Керектелүүчү чыгымдардын тизмесин беришет, биз приоритетке жараша каражат бөлүп жатабыз. Маанилүү иш-чаралар үчүн акча берилбей калбашы керек. Ошондой болсо арыз жазышса, тиешелүү бөлүмдөр тездеткенге жардам берет. Олимпиаданын акчасы кармалып жатат дегенден алыспыз", — деди Шайдылдаев.

Министрликтин адиси ушул апрель айында Спорт агенттигине 56 миллион сом бөлүнгөнүн билдирди. Ал эми аталган агенттиктин жетекчиси Канат Шабданбаев бул сумманын 47 миллиону айлык акы менен башка чыгымдарга, беш миллиону спорт түрлөрүнө, ал эми төрт миллиону Олимпиадага даярданууга бөлүнгөнүн түшүндүрдү. Ошондой эле ушул ай ичи оюнга камынууга дагы миллиондогон сом каражат сураганын кошумчалады.

Эл аралык олимпиада комитетинин камкордугу

Олимпиада оюндарын өткөргөн эл аралык комитет жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү бар, келечеги кең деген спортчуларга 500 доллардан стипендия берип турат. Атлеттердин тизмеси оюнга чейин 3-4 жыл мурун аныкталып, каражат ай сайын машыгуусуна бөлүнөт. Учурда Кыргызстандан ЭОКтун стипендиясын 11 спортчу алат.

Алар дзюдочу Юрий Краковецкий менен Владимир Золоев, балбандар Улукбек Жолдошбеков, Эрназар Акматалиев, Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, Үзүр Жусупбеков, боксчу Азат Усеналиев, жөө күлүктөр Мусулман Жоломанов, Дарья Маслова жана суучул Денис Петрашов.

Мындан тышкары, эл аралык Олимпиада комитети спортчулардын кийим-кечегин, авиабилеттерин, оюнга барганда жашаган жерин, тамак-ашын жана башка чыгымдарын камсыздайт.

Өлкө 17 лицензия, 3 медаль алууну көздөп жатат

Спорт агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев буга чейин Олимпиадага спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну, ал эми оюндарда 3 медаль утуп алуу пландалганын, бирок ага өзгөртүү киргизилгенин айтты.

"Пандемияда мелдештер өтпөй калганына байланыштуу спорттун 9 түрүнөн 17 лицензия алабыз деп пландап жатабыз. Ал эми үч медаль — бирден алтын, күмүш, коло алуу оюбузда бар. Албетте, мындан көп болсо жакшы эмеспи, азыр минималдуу чекти айтып жатабыз", — деди Шабданбаев.

Ал эми паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча үчтөн кем эмес лицензия жана Паралимпиада оюндарында бир байгелүү орунга жетүү пландалып жатканы кошумчаланды.

Кыргызстан Олимпиадага жолдомону грек-рим, эркин күрөш, аялдар күрөшү, бокс, дзюдо, оор атлетика, жеңил атлетика, сууда сүзүү, беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш (пятиборье — ред.), жаа атуу, ок атуу, байдарка жана каноэ менен сүзүү, фехтованиеден алууну көздөп жатат. Учурда ар биринде кеминде бирден, айрымдарында эки-үчтөн лицензиялык турнири калды.

Бегалиев: балбандардын болуп-толуп турган учуру

Токио Олимпиадасына кыргызстандык балбандар сегиз жолдомо алды, алдыда лицензия бере турчу Дүйнө чемпионаты турганын белгилей кетели. Маселен, 2016-жылы өткөн Рио Олимпиадасына жети балбан лицензияга ээ болгон. Мындай улам Японияга көбүрөөк балбан барат деп айтууга болот.

Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев спортчулардын даярдыгына жогорку баасын берди.

Серебряный призер Олимпийских игр в Пекине, борец греко-римского стиля Канатбек Бегалиев во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси Канат Бегалиев
"Күрөш боюнча курама командага бул жолдомолор чек эмес. Олимпиадага балдардын даярдыгы көрүнүп калды. Тулпар тушунда дегендей, балдар менен кыздардын болуп-толуп турган маалы. Казакстандагы лицензиялык турнирге Иран, Корея, Япония сыяктуу мамлекеттер келген, биздикилер таза жеңиш менен утуп жатты. Жөн эле лицензия албастан финалдык беттештерде чемпион болушту, кубанып жатам. Мурун Олимпиададан бир-эки медалды көздөсөк, азыр үч-төрт медаль алууга толук мүмкүнчүлүк бар", — деди Бегалиев.

Ал балбандардын ийгилиги каржылоодон мурда өздөрүнүн аракетинен көз каранды деп эсептеп, спортчуларга кеңеш берип өттү.

"Мамлекетке, федерация кызматкерлерине ыраазычылык билдирем, балдарды абдан жакшы карап жатышат. Каржылоону мен биринчи маселе деп эсептебейм, балдардын өзүнүн каалоосу жана ишеними болушу керек. Балбандар Токиого чейин майрам, той-топур, түрдүү чакырууларды токтоткону оң. Адатта жолдомо алгандан кийин коноктойм дегендер көп болот, кыргызбыз да, көңүлүн кыя албайбыз. Уктаганда да, турганда да Олимпиада жана машыгуу деген гана ой болушу керек", — деди Бегалиев.

Ал жолдомо алган спортчулардын бардыгы кесипкөй экенин, бардыгында тең медаль алуу мүмкүнчүлүгү бар деп бирөөнү бөлүп көрсөткөн жок.

Оор атлетчи Улан Молдодосов: бир спортчубуздун мүмкүнчүлүгү чоң

Олимпиада оюндарына балбандар сыяктуу оор атлетчилер да лицензиядан куру калган учур болбойт. Быйыл эки спортчуга ишеним артылып жатканын Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

Тяжелоатлет Уланбек Молдодосов из Кыргызстана во время Олимпийских игр 2008 года в Пекине. 15 августа 2008 года
© AFP 2021 / JUNG YEON-JE
Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Улан Молдодосов
"Бакдөөлөт Расулбеков менен Эмил Молдодосов лицензиялык турнирге учуп кетти. Бул жолдомо ала турчу акыркы турнирибиз. Колдон келишинче даярдандык, каржылоо убагында эле болуп жатты. Расулбековго азиялык спортчулар көз салып, атаандаш катары көрөт. Анын жолдомо алууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Молдодосов да өзүн жакшы көрсөтүп келе жатат, бирок азыр жашыраак", — деди федерациянын өкүлү.

Ошондой эле Рио Олимпиадасына катышкан Иззат Артыковдун быйыл маанилүү мелдешке барар-барбасын да сурадык.

"Негизи Олимпиадага баруу үчүн алты турнирге катышып, упай топтоо керек. Иззат Артыков аларга бара албай калды. Бирок азыр машыгуусун улантып жатат. Бул жашоо да, бир гана Олимпиада менен чектелип калбайбыз. Андан кийин Азия оюндары, Ислам оюндары, дагы башка ири чемпионаттар бар", — деди Молдодосов.

Параспортчуларда даярдык кандай?

Спорт агенттигинин мурдагы жетекчиси, Бишкек мэриясынын теннис жана паралимпиада боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Шейшенкул Бакиров Олимпиадага даярдык катары бөлүнөт деген 105 миллионду аз деп эсептейт.

Директор Государственного агентства физической культуры и спорта КР Шейшенкул Бакиров
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Спорт агенттигинин мурдагы жетекчиси, Бишкек мэриясынын теннис жана паралимпиада боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Шейшенкул Бакиров
"Спортчулар канчалык машыгууларды көп өткөрүп, чет өлкөдөн тажрыйба топтосо ошончолук жакшы жыйынтык болот эмеспи. Пандемия көп тармакты алсыратып, өлкө экономикалык жактан кыйналып жатканын билебиз, бирок маанилүү мелдешке олуттуу мамиле жасоо керек. Параспортчуларга Спорт агенттигинен тышкары мэрия да каражат бөлүп, болушунча даярдыгына көңүл буруп жатат. Жеңил атлетика менен парапауэрлифтингден жолдомо алып, оюнда жок дегенде коло медаль багындырабыз деген ишенимибиз бар", — деди Бакиров.

Ал жалпысынан спорт тармагынын каржылоосун көбөйтүү керектигин кошумчалады.

Новиков: Олимпиадага амбициялуу пландарды коюшубуз керек

Биринчи вице-премьер Артём Новиков өкмөттүн жыйынында быйылкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда жеңишке жетүү үчүн спортчуларга бардык шарттарды түзүү керектигине токтолгон.

И. о. первого вице-премьер-министра Артем Новиков принял участие в очередном онлайн-заседании совета ЕЭК на уровне вице-премьер-министров. 30 января 2021 года
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Биринчи вице-премьер Артём Новиков
"Эгемендүүлүк жылдары бизде мыкты мүмкүнчүлүктөрүбүз болгону менен жогорку пробадагы олимпиадалык медалдарды жеңип ала алган жокпуз. Кыргыз спортунун тарыхы бай, мыкты ийгиликтерди багындырган инсандарыбыз да бар. Биз Токиодогу Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарда медаль жеңүү боюнча амбициялуу пландарды алдыга коюубуз керек. Андыктан спортчуларыбызды даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз зарыл", — деди Новиков.

Уюштуруу комитетинин кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынган:

  • спорттун түрлөрү боюнча федерациялар менен биргеликте спортчулардын алдыдагы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга даярдыгын жана катышуу шарттарын камсыздоо;
  • ШКУ эл аралык марафонун өткөрүүгө, ошондой эле алдыдагы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга курама командалардын спортчуларын даярдоо үчүн каражаттын өз учурунда бөлүнүүсүн камсыздоо;
  • Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндардын жеңүүчүлөрү, сыйлануучулары жана алардын машыктыруучулары үчүн бир жолку акчалай сыйлыкты бекитүү тууралуу чечим долбоорун киргизүү;
  • Жайкы олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга даярдык алкагында Кыргызстандын курама командалары үчүн окуу-машыгууларынын өткөрүлүшүн жана алардын бардык лицензиялык турнирлерге катышуусун камсыздоо;
  • Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү үчүн жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга спорттун түрү боюнча катышуусуна параддык жана спорттук форманын дизайнын (эскиз) уюштуруу комитетинин кароосуна киргизүү;
  • спорттук-массалык иш-чаралардын спортчулары жана катышуучулары үчүн конкреттүү эсептер жана каржылоо булактарын эске алуу менен тамактануунун акчалай ченемин жогорулатуу боюнча сунуш киргизүү.
Белгилер:
медаль, турнир, даярдык, машыгуу, каржылоо, каражат, спорт, Олимпиадалык оюндар, Токио, Кыргызстан
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Япония Олимпиадага карата кошумча чектөөлөрдү киргизмей болду
Жеңилип, кайра өзүн колго алган Мээрим да Олимпиадага жолдомо утту. Видео