БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек өлкө башчы Садыр Жапаровдун Facebook аккаунту талкаланганын жана ал соңку комментарийлерди өзү жазбаганын билдирди.
Эске сала кетсек, социалдык тармактарга ЖМКлардын бири депутат Дастан Бекешев "Жаңы "Ханституция" элдин шору болот" деп айткан видеосун чыгарган. Анын астына Садыр Жапаров деген ат менен катталган аккаунт одоно комментарий жазган. Ушу тапта бул билдирүүнүн кызуу талкууланып жаткан чагы.
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун маалымат катчысы социалдык тармакка жазылган соңку комментарий боюнча түшүндүрмө берди.
"Президент Садыр Жапаровдун Facebook социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду. Ниети бузуктар аталган баракчадан ар кандай посттор менен комментарийлерди калтырышкан. Акыркы комментарийлерге мамлекет башчысынын эч кандай тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт", — деген Байтерек.
Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйында жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдум дайындоо демилгесин биринчи окууда колдоп беришкен. Эл өкүлдөрүнүн 87си макул болсо, 9у каршы чыккан. Каршы чыккандардын арасында Дастан Бекешев да бар.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.