Бишкекте мектепке барчу окуучулар кандай форма кийиши керек? Министрликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар. Архив
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигине башталгыч класстардын ата-энелери кайрылып, айрым мектептер форма кийип келүүнү талап кылып жатканын айтышкан.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. 2020-2021-окуу жылынын аягына чейин мектеп окуучуларынан милдеттүү форма талап кылынбайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, 9-марттан тарта Бишкек шаарындагы мектептерде башталгыч класстардын (2,3,4-класс) окуучулары кадимки тартипте, мектепке барып окуп баштаары айтылды. Ага чейин 1,5,9, 11-класстардын окуучулары билим берүү жайына барып жатышкан.
ЖРТ тапшырып жаткан абитуриенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Быйыл бүтүрүүчүлөр ЖРТга жаңы эреже менен катталат. Шарт-талабы
Sputnik Кыргызстан агенттигине башталгыч класстардын ата-энелери кайрылып, айрым мектептер форма кийип келүүнү талап кылып жатканын айтышкан.
Билим берүү жана илим министрлиги пандемия шартында ата-энелердин финансылык абалын эске алып, 2020-2021-окуу жылынын аягына чейин милдеттүү форма талап кылынбай турганын билдирди.
Ошол эле учурда министрлик мүмкүнчүлүгү барлар балдарына асты кара, үстү ак, тагыраагы, классикалык форма менен мектепке жиберсе боло турганын айтты. Министрлик ата-энелерди эч кыйнабай турганын эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0