Тиешелүү мамлекеттик орган эркиндиктеги адамды күбө, жабырлануучу, шектүү же айыпталуучу катары кылмыш иши боюнча суракка чакыра алат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги КРдин Жазык-процесстик кодексиндеги сурак алуу боюнча тиешелүү мыйзамдарды (189-197-берене) карап чыгып, элге жөнөкөй тил менен түшүндүргөнгө аракет кылды. Материалды даярдоодо юристтен кеңеш алып, мурда-кийин сурак берген адам (аты аталбайт) менен да сүйлөштүк.
Күбө, жабырлануучу, эркиндикте жүргөн шектүү же айыпталуучу суракка чакыруу кагазы (повестка) менен чакыртылат. Чакыруу кагазында ким, эмне себептен, кимге, кайсыл дарекке чакырылып жаткандыгы, суракка келүүнүн убактысы жана адвокатты чакыруу укугу бар экендиги жазылат. Ошондой эле суракка себеби жок эле келбей коюунун кесепети көрсөтүлөт.
Күч түзүмүнүн өкүлү суракка чакырылган адамга кагазды алып барып берип, "алдым, барам" дедиртип колун койдуруп алат. Чакырылган киши жок болсо кагаз үй-бүлөсүндөгү жашы жеткен адамга кол койдуруп алуу менен тапшырылат.
Мөөнөттүү кызматтын жоокерлери көрсөтмө берүү үчүн аскер бөлүгүнүн командачылыгы аркылуу чакырылат. Калган аскер кызматчыларына карата суракка чакыруунун адаттагы тартиби колдонулат.
Суракка чакырылган адам дайындалган мөөнөткө келе албай турган болсо, себептери жөнүндө тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына алдын ала билдириши керек. Эч себепсиз келбей койсо, мажбурланып (кармалып) алып келиниши мүмкүн.
Адатта сурак сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн жерде болот. Дистанттык формадагы сурак адамдын ден соолугуна байланыштуу же башка жүйөлүү себеп менен түздөн-түз келүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо жүргүзүлөт.
Медициналык көрсөтмөлөр болгон учурда суракка алуунун узактыгы дарыгердин корутундусунун негизинде белгиленет.
Суралып жаткан адам кайсы тилде көрсөтмө бере алары башында аныкталат. Зарыл учурда котормочу оозеки котормо жүргүзөт.
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди суракка алуу
Дудук же дүлөй кишини суракка алууда сурдокотормочу жардамга келет. Адамдын психикалык же башка катуу оорусу болсо сурак дарыгердин уруксаты менен жана анын катышуусунда жүргүзүлөт.
Күбө же жабырлануучу катарында суракка чакырылган адам көрсөтмө берүүдөн баш тартса, четтей турган болсо же билип туруп жалган көрсөтмө берсе жазык жоопкерчилигине тартылат.
Бир жазык иши же жорук боюнча чакырылган адамдар бөлөк-бөлөк суракка алынат. Мында тергөөчү жана алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы алар сурак жүргүзгөнгө чейин иш боюнча өз ара пикир алышпоосу үчүн чара колдонот.
Бир эле иш боюнча чакырылган күбө менен жабырлануучулар өз-өзүнчө жана башка күбөлөр менен жабырлануучуларды катыштырбастан суракка алынат. Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы бир иш боюнча күбөлөр жана жабырлануучулардын өз ара сүйлөшө албагыдай болушу үчүн чараларды көрөт.
Сурак кандай жүргөнү айтылбайт
Зарыл болгондо тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтары болуп саналган көрсөтмөлөрдү жайылтпоо жөнүндө суракка алынган адамдан кол койдуруп алууга укугу бар.
Биринчи сурактын протоколунда суралып жаткан адамдын ким экендиги жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, анын ичинде аты-жөнү, туулган датасы жана жери, жарандыгы, улуту, билими, үй-бүлөлүк абалы, үй-бүлөсүнүн курамы, иштеген жери, иши же кызмат орду, жашаган жери жана башка зарыл болушу мүмкүн болгон маалыматтар камтылат. Ошондой эле мурда соттолгон-соттолбогону көрсөтүлөт.
Алгач суралып жаткан адам белгилүү болгон жагдайлар жөнүндө айтып берет. Эгерде ишке такыр эле тиешеси жок маалыматтар жөнүндө айтса, ага бул тууралуу эскертүү берилет.
Сурак аяктагандан кийин протокол окуп чыгуу үчүн суралып жаткан адамга көрсөтүлөт же анын өтүнүчү боюнча окуп берилет. Суралып жаткан адамдын протоколго толуктоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө талабы милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
Тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын чечими боюнча шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну же күбөнү суракка алууда үн жана видео жазуу колдонулушу мүмкүн. Үн жана видео жазуу ошондой эле шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун жана күбөнүн өтүнүчү боюнча да колдонулушу мүмкүн.
Аудио же видео жазып алууларды колдонуу төмөнкүлөрдү суракка алуу учурларында милдеттүү болуп саналат:
Сурак бере турчу кишиге үн жана видео жазып алуулар жүргүзүлө турганы башында эскертилип, бүткөндөн кийин уктурулат. Аудио менен тасмада сурактагы бардык маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
Тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктары бар мурда суралган эки адамды беттештирүүгө укуктуу.
Беттештирүүгө эксперт, жактоочу, педагог, психолог, врач, котормочу жана суракка алынуучунун мыйзамдуу өкүлү катыша алат.Беттештирүүдө суракка алынуучулардын бирөөсүнүн эле жашы жете элек болсо ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү катышат. Ал эми алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакыртылат. Жашы жете элек күбөнүн же 14 жашка чейинки курактагы жабырлануучунун катышуусу менен беттештирүү жүргүзүүгө психолог же педагог да келет.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Диетолог Елена Кален тамактануу рационунан азайта турчу, ал тургай таптакыр эле чийип салчу тамак-ашты санап бергенин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, биринчи кезекте конфет менен таттуу суусундуктан баш тартуу кажет. Булар ашыкча салмакка, семирүүгө алып келип, канда канттын деңгээлин көбөйтүшү ыктымал.Жыйынтыгында адам кант диабетине чалдыгышы толук мүмкүн. Ошондой эле таттууну көп жегенде боор жакшы иштебей, тери бузулат.
Организмди талкалай турчу азыктардын катарына эт дагы кирген. Адистин айтымында, эт белоктун булагы болгону менен аны көп жегенде ашказанга күч келип, аталган органдын иштөөсү начарлайт.
Диетолог ичимдикти да тизмеден чийип салууну сунуштаган.
"Ичимдик ичкен адам тез карып, боор, кан тамыр ооруларына чалдыгат. Ичимдик кант диабети, гипертония жана панкреатит илдеттеринин өрчүү тоболкелчилигин жогорулатат", — деген Кален.
Адис кофени көп ичүү да организмди буза турганын айткан. Көпчүлүктүн сүйүктүү суусундугу кан басымды көбөйтүп, жүрөктүн тез согуусун шартташы ыктымал.
БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Төрага Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Санкт-Петербург шаарында жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга депутаттар Каныбек Иманалиев, Айнуру Алтыбаева, ЖКнын КМШ Парламенттер аралык ассамблеясындагы жана ЖККУнун Парламенттик ассамблеясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.
Мамытов парламенттер аралык ассамблеянын отурумдарында Россиядагы эмгек мигранттарынын турмушун жакшыртуу багытында кабыл алынуучу чараларга өзгөчө көңүл бурулганын белгилеген.
"Төрага каза болгондордун сөөгүн Россиядан Кыргызстанга жеткирүүдөгү кыйынчылыктар, эки өлкө ортосундагы авиабилеттердин кымбаттыгы, "Мекен-карт" системасын киргизүү тууралуу суроолорго жооп берди. Ошондой эле Санкт-Петербургдагы Чыңгыз Айтматов атындагы эс алуу жайын өнүктүрүү, Башкы консулдук ачуу, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү жана билим берүү тармагын жакшыртуу сыяктуу маселелер көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу баарлашуу форматында уланып, катышуучулар мигранттардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча пикирлерин ортого салган.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов Санкт-Петербугда өткөн КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышты.