БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Facebook аккаунтун бузуу фактысы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
"Такталган маалымат боюнча, баракчаны бузуу чет өлкөдөн жүргүзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул окуя боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.
Бүгүн, 4-мартта, президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек өлкө башчы Садыр Жапаровдун Facebook аккаунту талкаланганын жана ал соңку комментарийлерди өзү жазбаганын билдирди.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +21…+26, Талас жергесинде +20…+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +22…+27, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +15…+20 градуска чейин көтөрүлөт.
Күндүн табы Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +24…+26 градус жылуу болот.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 9-апрелге карата Бишкекте 22 окуучу, 19 мугалимден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Буга байланыштуу жети мектепте 11-класстын окуучулары аралыктан окууга жиберилген.
Муниципалитет бүгүн,14-апрелде, шайлоо участкалары катары иштеген мектептер менен бала бакчаларда офлайн жана аралыктан окуу башталганын кабарлады. Шайлоо аяктагандан кийин дезинфекция кылуу үчүн алар бир нече күнгө жабылган.Мэриянын маалыматы боюнча, окуу башталганда 1,2,3,4,5,9 жана 11-класстардын окуучуларын кошкондо 100 миң бала мектепке барган. 1 377синин ата-энеси уул-кыздарын аралыктан окутуу тууралуу арыз жазып беришкен.
Учурда № 13, 28, 52 орто мектептерде балдар аралыктан окуп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.
Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:
Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.
Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.
16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.
Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.